Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Түштүк Сахалинде абакта жаткан сегиз кыргызстандык депортация болот


Орусиянын баш калаасы Москва. Иллюстрация сүрөт.
Орусиянын баш калаасы Москва. Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында убактылуу кармоочу жайында отурган Кыргызстандын сегиз жараны жакын арада мекенине депортация болот.

Алардын үчөө апрель айынын аягына чейин өлкөгө жөнөтүлөт деп күтүлүп жатат.

Бул тууралуу 13-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери камакта жаткан кыргызстандыктардан кабар алганда белгилүү болду. Алар эмне себептен кармалып жатканы, жалпы канча кыргыз жараны бар экени айтылган жок.

Башкы прокуратура 2021-жылы чет мамлекеттерде соттолгон 66 жаран мындан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга жеткирилгенин билдирген. Алардын ичинен Орусиядан 54, Казакстандан 12 киши өткөрүлүп алынган.

Ушул тапта Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG