Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Медициналык жогорку окуу жайларга бир катар талаптар коюлду


Индиядан келген студенттер. Ош шаары. Архив.
Индиядан келген студенттер. Ош шаары. Архив.

Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын ректорлору 15-июнга чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилчү №6 формага байланыштуу талаштуу маселени чечиши керек. Мындай чечим 15-апрелде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык адистерди даярдаган окуу жайлардын ректорлору менен өткөргөн кеңешмеде кабыл алынды.

Мындан тышкары мугалимдердин окуу жүгүн белгиленген чектен ашырбоо, жогорку окуу жайларды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүү, чет өлкөлүк студенттердин окуу акысын 3 миң доллардан кем эмес белгилөө, китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоо тууралуу тапшырмалар берилди.

Профессордук-окутуучулук курам англис тилин TOEFL IBT 55 балл, TOEFL IBP 460 балл, TOEFL Essentials 5 балл, TOEIC Reading and listening 550 балл, TOEIC Speaking and Writing 240 балл, IELTS 5.5 балл деңгээлинде билиши керек.

Медициналык жогорку окуу жайлар бул талаптарды аткарбаса, кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууга уруксат берилбейт.

Кыргызстанда ушул тапта 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдап жатат. Анын алтоо мамлекеттик. Он жети менчик жогорку окуу жайдын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок. Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308, менчик ЖОЖдордо 16 миң 478 чет элдик студент билим алууда. Медициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын 12си талапка жооп бербейт деген чечим чыгарган. Медициналык окуу жайлар иштөөгө лицензия алыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигининен клиникалык базасы боюнча №6 форма алышы керек. Бул документ жок алардын ишине уруксат берилбейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG