Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

ФСБ аскерлердин сөөгүн жерге берүүгө бөлүнгөн акчаны көбөйтүүнү суранды


Украинада курман болгон орус аскери менен коштошуу зыйнаты. Бурятия. 6-март, 2022-жыл.
Украинада курман болгон орус аскери менен коштошуу зыйнаты. Бурятия. 6-март, 2022-жыл.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аскерлердин сөөгүн жерге берүүгө бөлүнгөн акчаны көбөйтүүнү суранып, өкмөткө кайрылды.

Өкмөттүк сайтта жарыяланган документтерге ылайык, коопсуздук кызматы акыркы сапарга узатууга кеткен каражатты 17% жогорулатып берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Би-би-синин орус кызматы кабарлады.

Ушул тапта Москва менен Санкт-Петербургда аскерди акыркы сапарга узатууга 28 178 рубль (350 АКШ доллары), ал эми башка аймактарда 20 350 рубль (250 АКШ доллары) бөлүнөт.

Коопсуздук кызматынын мындай өтүнүчү орус армиясы Украинадагы согушта чоң жоготууларга учурап жаткан маалга туш келди. Москва мартта 1370 аскерин жоготконун билдирген. Андан бери канча аскери курман болгонун айта элек. Бирок Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков орус армиясы чоң жоготууларга учураганын мойнуна алган.

Украин тарап 11-апрелге карата 19 500 орус аскери курман болгонун билдирди. Ал эми Кошмо Штаттардын расмийлери маалымдагандай, Орусия Украинадагы согушта 10 миңден кем эмес аскерин жоготту.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG