Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Президент жаңы курулуш боюнча сындарга жооп берди


Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 15-апрель, 2022-жыл. Курулушка капсула салуу иш-чарасы.
Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 15-апрель, 2022-жыл. Курулушка капсула салуу иш-чарасы.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу боюнча айтылган сындарга жооп берди.

Жапаров Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жарыялап, анда “курулушка мамлекеттин акчасы кеткен жок” деп билдирди.

“Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик”, - деп жазды президент.

Бирок, Жапаров курулушка канча акча кетерин жана кайсы 16 гектар жер экенин жазган жок.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айткан. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азая турганын билдирген.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG