Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Орусияда Дудь баштаган бир нече адам “чет элдик агент” деп табылды 


 Юрий Дудь.
Юрий Дудь.

Журналист, белгилүү видеоблогер Юрий Дудь, политолог Екатерина Шульман, The Insider басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотов жана “Радио Свобода” менен кызматташып жүргөн карикатурист Сергей Елкин Орусиянын Юстиция министрлигинин “чет элдик агент” деген массалык маалымат каражаттарынын реестрине киргизилди.

Бул реестрге журналист Карен Шаинян, “Орусия ЛГБТ” уюмунун психологиялык кызматынын башчысы Мария Сабунаева жана феминист, ЛГБТ активист Регина Дзугкоева, журналисттер Алексей Семенев менен Кирилл Кругуликов киргизилген. Жалпы “чет элдик агент” массалык маалымат каражаттары реестрине 142 юридикалык уюм катталган.

Реестердеги жарандарга бир катар талаптар бар. Алар каржылык отчет берип жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө “чет элдик агент” деп эскертүү жазышы керек. Мыйзамды бузгандар административдик айыпка жыгылып, андан кийин кылмыш жазасына тартылат.

Юстиция министрлиги жогорудагы жарандардын реестрге эмнеге киргизилгенин түшүндүргөн жок. Алардын көпчүлүгү буга чейин орус армиясынын Украинага басып киргенине каршы болгон.

. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG