Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Лейлекте ГЭС курууга Орус-Кыргыз фондунан 5 млн. доллар насыя бөлүндү


"Лейлек" кичи ГЭСинин курулушу.
"Лейлек" кичи ГЭСинин курулушу.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Лейлек" кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу фонддун сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 мегаватты түзүп, жылына 26,3 миллион киловатт-саат электр жарыгын өндүрөт. Баткен облусун 3,5% электр менен камсыздай алат. Чакан ГЭСтин курулушу 2023-жылы март айында бүтөрү пландалып жатат. Долбоордун курулушун “Кыргыз Каганат” ишканасы ишке ашырууда.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Бийлик энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик берилгенин айткан.

Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG