Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Зеленский: Согуш башталгандан бери 3 миңдей украин аскери курман болду


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-апрелде CNN телеканалына курган маегинде кеминде 3 миң аскери курман, 10 миңге жакыны жарадар болгонун айтты.

Эки тарап тең согушта армиясынын жоготуулары жөнүндө маалымат берүүдөн карманып келет.

25-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштук аракеттерде 1351 аскери окко учуп, 3825и жарадар болгонун кабарлаган. Андан бери Кремл өз армиясынын жоготуулары жөнүндө маалымат тара элек. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча орус тараптын жоготуулары 20 миң кишиге чамалайт.

Азырынча эки тараптын аскерий жоготуулары жөнүндө так маалымат айтуу кыйын. АКШнын чалгын кызматы өзүнүн маалыматтарына таянып, марттын ортосунда 8-14 миңге чейин орус аскери каза болгонун маалымдаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG