Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:04

Харьков жана Николаевде ондон ашык киши окко учту


Харьков.
Харьков.

Харьков облусундагы жума күнкү аткылоодо 10 киши өлдү, арасында жети айлык ымыркай бар. 35 киши жарадар болду. Бул тууралуу Харьков облустук прокуратурасы маалымады.

Мекеме шаарды орус армиясы жапырт ок жаадырган "Ураган" куралы менен аткылаганын билдирди. Талкаланган турак жайлардын сүрөтү жарыяланды.

Николаев облустук админстрациясынын башчысы Виталий Ким жана жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аймакты аткылоодон беш киши өлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги орус армиясы Украинада жай тургундар жашаган аймактарга чабуул кылбаганын билдирүүдө. Бирок, күн сайын Украинанын шаарларында жай тургандардын каза болгону жана жараат алгандар жөнүндө кабарлар тарап жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-апрелде CNN телеканалына курган маегинде кеминде 3 миң аскери каза таап, 10 миңге жакыны жарадар болгонун айтты.

Украина буга чейин урушта орусиялык 19 миң 500 аскер каза тапканын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги марттын этегинде 1 миң 370 жоокерин жоготконун маалымдаган. Андан бери статистикасын жаңырта элек.

Украинанын бийлиги Мариуполда март айынын башынан бери өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашышы мүмкүн экенине тынчыздануусун билдирди. Киевдин алдындагы Буча шаарында орус армиясы басып алган учурда 400 жай тургундун каза болгону аныкталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG