Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Акылбек Жапаров коррупция толук жоюлбай жатканын айтты


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жемкорлук жоюлбай жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 19-июлда өткөн Коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Акыркы 30 жылда ар кандай форматта коррупцияга каршы күрөш жүргөнүнө карабай дале болсо анын тамыры кыркылбаганын белгиледи.

"Ар кандай себептер менен жакшы жыйынтыктарды чыгара албай жатабыз. Натыйжада Кыргызстанда коррупция жашоо-турмушубуздун көптөгөн тармактарында сакталып кала берүүдө. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Элдин нааразылыгы туура жана адилет, анткени алар күн сайын аны менен бет келишип, жон териси менен сезип жатат", - деди Акылбек Жапаров.

Бүгүнкү жыйында Бишкек шаарындагы архитектура жана курулуш тармагындагы коррупция тууралуу кенен сөз болду. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нуртазин Жетибаев азыркы учурда Бишкектин вице-мэри болуп иштеп жаткан Бактыбек Абдиевди курулуш агенттигин башкарып турганда коррупцияга аралашкан жана шаардын түштүк тарабындагы мыйзамсыз курулуштарды легалдаштырып берген деп сындашты.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров орун басары Бактыбек Абдиевге жана Бишкектин башкы планын иштеп чыгуу боюнча институттун директору Жыргалбек Асаналиевге кылмыш иши жок болгондуктан аларды жумушка алганын айтты. Мындай жооп Акылбек Жапаровду да, Курманкул Зулушевди да канааттандырган жок.

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз курулган ири 78 объект бар, алардын көбү көп кабаттуу үйлөр. 36 мыйзамсыз курулуш Бишкекте. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG