Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

"Чамдагын, убактың абдан аз". Таабалды Эгембердиевдин күндөлүгү


Таабалды Эгембердиев.
Таабалды Эгембердиев.

"Шоро", "Супара" компанияларынын негиздөөчүсү, жаратман инсан Таабалды Эгембердиевдин "Оо, дарегим! Оо, карегим!", "Көчмөн жаратман" деген кош китеби жарык көрдү. Бул кош китеп көп кырдуу жаратман инсандын өмүр таржымалы эле эмес, тарыхый мурас, "документалдуу баалуу булак" деп айтууга арзыйт.

Китепке кирген эмгектеринен, ойлорунан, маектеринен жаратман инсандын табият берген көп кырдуу таланты, адамдык бийик парасаты, жаратмандык кудурети, лидерлик, насаатчылык жөндөмү, архитекторлуктан багбанчылыкка чейинки иш колунан келген мээнеткечтиги менен өжөрлүгү таасын көрүнүп турат.

Таабалды Эгембердиевдин китептери.
Таабалды Эгембердиевдин китептери.

Калтырган мурастары ошондой эле Эгембердиевдин ойчул-философ, публицист, журналист, коомдук ишмер, дегеле даанышман инсан болгондугун далилдеп турат. Маркумдун жубайы Жаңылсынзат Турганбаева өзү түзгөн бул кош китепти окурмандын кеңири чөйрөсүнө жаратман инсандан таберик катары сунуштаган. "Табыкемдин көчү улансын! Таза муун, ак жолго чырак болсун! Жан дүйнөңүз эркин жана тынч болсун! Сизге Табыкемден таберик!" деп жазды.

Китепке бардык башка эмгектеринен тышкары 1989-1990-жылдар аралыгында жазылган күндөлүктөрү да кирген. Ал кез кыргыз коомунда улуттук аң-сезим ойгонуп, демократия, эгемендик үчүн күрөш кызып турган мезгилге туура келет. Күндөлүктөр дээрлик орус тилинде жазылып, китепке котормосу менен эки тилде киргизилген. Аталган китептин бет ачаар иш-чарасына катышкандардын бири, коомдук ишмер Зайнидин Курманов Таабалды Эгембердиевдин деңгээлин дүйнөлүк деңгээлдеги ойчул-даанышмандарга теңеди. "Күндөлүктөрүн окуп жатканда Жусуп Абдырахмановду элестеттим" деди.

Алардын айрымдарын назарыңызга сунуштайбыз.

"Мен киммин: нааданмынбы же келесоо кыялкечминби?"

1-май, 1989-жыл.

Азыркы учурда кереги жок болуп турган кар көчөдөгү жашыл теребелди аппак кылып каптап эле жатып калды. Теребел жашылданып, көрк алып келатканда жаман болбодубу, алардын баары эми өлүп калды окшойт. Аба ырайы адамды туталантып турат, жан дүйнөңдө деле ошондой абал. Мен өзүм деле аба ырайындай кубулуп, өзгөрүлө берем. Бирде жаркылдап тийген күнгө окшоп ишенимдүү боло түшөм, бирде мунарыктап, өзүмө-өзүм ишене албай күмөн санайм.

Өзүм үчүн күтүүсүз, бирок качандыр бир мезгилде сөз жок боло турган нерсеге туш болдум. Бул жан дүйнөнүн жана материалдык дүйнөнүн кризиси. Бүгүн майрам. Дени-карды соо кишилердин бардыгы каалагандай майрамдап жүрүшөт. Мен болсо камактагы кишиге окшоп үйдө үргүлөп отурам. Башымда эчтеке жок, жан дүйнөм жабыркап, келечегим бүдөмүк тартат. Деги мен киммин: нааданмынбы же келесоо кыялкечминби? Же өзүн бир укмуш нерсе жарата турган кишинин ордуна коюп алган келесоомунбу? Чын эле жинди, келесоомунбу? Жарык жолду кантип табам? Ал үчүн эмне кылуу керек?

Адабиятты, философияны, саясатты жылас алсынчы! Эл сыяктуу эле жашап, карьера жасаш керек. Өзүңдү кор кылып, башкаларды кор кармап, куйтуланып… алдап акча жасаш керекпи? Айтмакчы, азыр акчаны чынчыл жол менен табуу мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Бирок андай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланам десең, анда китептен такыр эле кол үзүш керек. Мен болсо китептен баш-отум менен кете аламбы? Китеп мени кое береби? Кантсе да, бир нерсеге көзүм жетти. Бир нерсени керектөө жана бир нерсени жаратуу деген эки башка нерсе экен. Айырмасы асман менен жердей. Мен болсо жан дүйнөнүн керектөөчүсү экемин. Өзүмдүн муктаждыгыма жараша. Ал эми кандайдыр бир нерсени жаратуу – бул таптакыр башка. Муну Жараткан өзү тартуу кылат. Менин жан дүйнөм азык издеп, жабыркап, бир нерсени эңсеп турат. Бул кадыресе эле табийгый зарылдык. Канча бир жаратман эмгектерди жаратып тургум келет.

Деги эле түркүн жагдайларда башыма ар түркүн ойлор келет, бирок аларды учурунда жазып калтырууга, бир калыпка келтирүүгө мойнум жар бербей, кээде дарманым келбей калат. Болбоду дегенде либерал окшобоймунбу. Кайсы бир ишти талкуулап, сүйлөшкөндү жактырам, бирок аны иш жүзүнө ашырууга келгенде эле карайлап калмайым бар. Эгер менин акыл көрөңгөм же жөндөмүм эч нерсеге жараксыз, мөмөсүз экенине көзүм жетсе, анда мен чексиз бактылуу болор элем. Бирок мына эми коомго жана өзүмө пайдасы тийгидей бир укмуш нерсени жаратып койчудай эле үмүттөнө бергеним жаман.

Бийлик деген эмне?

16-июнь, 1989-жыл.

Владимир Шубкин мен үчүн жаңы автор. "Трудное прощание". ("Новый мир", 1989.№4)

Бийликтин таянычы жана аспабы зомбулук болуп калыптыр. Экономикалык зомбулук – эмгектин кадыресе зарылдыгы. Экономикалык эмеси болсо, эмгекке мажбурлоо болуп калат.

Ары-бери калчап, ойлонуп көргөнгө жакшы суроо:

Бийлик, айрыкча ал профессионал бийлик болбосо, ушул катаал маселени чечүүгө, башкарууга бел байласа, анда ал зомбулук көрсөтүүгө киришкен менен барабар болот. Бул бийликтин күнөөсү эмес, азабы. Азыр ушундай система калыптанып баратат, профессионал эместер коомдун үстүңкү бөлүгүнө калкып чыгып калышты, башкача айтканда, ким иштей албаса же иштегиси келбесе, ал башкаргысы, буйрук берип тургусу келет. Бул система мына ушундай кадрларды тандаган ыкмаларды иштеп чыкты. Азыр өзүм билемдикке, зомбулукка, репрессияга, жеке адамага сыйынуучулукка жана башка тартипсиздиктерди калыбына келтирүүгө каршы кепилдиктер керек. Акылдуу жана боорукер башчыга ишенип, саясий структураны кураштыра берүүгө болобу?

Чыныгы эл депутаты кандай болуш керек?

Депутат кандай болуш керек деген маселени түшүнүп билүүдө биз кичине болсо да алдыга жылдык. Депутатка болгон талап кандай, округдук комиссиялардын мааниси кандай? Депутаттардын көз карандысыздыгына кантип жетишебиз? Мына ушул жагынан түшүнүгүбүз бар.

Депутаттын эң башкы артыкчылыгы – анын даражасында, кызматында эмес, анын позициясы, интеллекти, билими, саясий көз караштарында. Депутаттын кызматына жөн эле карабай, ардактуу кызмат катары караш керек экен. Болбосо, бул даражасы жакшы кызматка кесиби боюнча, анан үстү жактан жиберилген анкеталык маалыматтарга эле дал келип калгандарды түшүнбөйлү. Депутаттарга коюлган жападан жалгыз талап тиешелүү учурларда колун көтөрүп, анан коомдук турмуштагы кыйынчылыктарды байкабай калыш үчүн жеңилдиктерди пайдаланып туруу болчу.

Азыр биз депутат кандай болорун билип калдык. Биринчи сьезддин жасаган эң чоң эмгеги, ал иш үстүндө эч кандай маселени чечпесе да, коомдук аң-сезимди ойготуп, элдик депутатка мамиле кандай болушу керек деген түшүнүккө өзгөртүү киргизгенинде.

Накта, чыныгы элдик депутат болуш үчүн жакшы жумушчу, академик, партиялык ишмер, ал түгүл Социалисттик эмгектин баатыры болуу аздык кылат. Булар эң башкысы эмес. Эң башкысы - профессионал саясатчы болушу керек. Эмне үчүн дегенде, кайсы мамлекет болбосун, саясий маселеден маанилүү иш жок. Мурда кимди шайласак деле баары бир болчу, азыр андай эмес. Депутаттын эң башкы сапаты - билими, интеллекти, жогорку маданияты, демократиялуулугу, жогору адеп-ахлагы, көз карандысыздыгы, шайлоочулар алдында өзүнүн жогору жоопкерчилигин сезе билүү. Конформизмден, бирөөгө ыктап алуудан алыс болуп, жеке кызыкчылыкты көздөбөй, менменсинбей, кыскасы төрт тарабы төп келип, бардык жагынан компетенттүү болушу керек.

Жумушчу чөйрөсүнөн чыккан айрым депутаттар жумушчу болгонун, жумушчу классынын өкүлү экенин бетке кармап, ошо менен ачык эле чайкоочулук кылып журүштү. Чыгып сүйлөшсө да алардын сабаттуулугу төмөн экени көрүнүп атты. Алар өз программаларында экономика, экология, социалдык көйгөйлөр ж.б. жөнүндө айтышат, бирок өз программаларын аткаруу, ишке ашыруу жолдору тууралуу сурашканда алактап калып жатышат.

Маанилүү окуялар, улуу өзгөрүүлөр

Саясаттагы маанилүү окуялар, алдыдагы улуу өзгөрүүлөр коомдогу жаңылануу жагдайларынын натыйжасы болуп эсептелет. Мына сьезд да өз ишин аяктады. Бирок сьезддин иши биз каалагандай болгон жок. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" дейт акылман кыргыз калкым. Бул эң ириде мага тиешелүү таризденет. Мына, дээрлик он жылдан бери эле мен өзүмдөн улуу публицист, жазуучу чыгарам, кыйратам деп көкүрөктү койгулап, элдин баарын омуроолоп келем. Эми ошол салгылашка бел байлап, күрөшкө кире турган убакыт келди. Мында эч кандай тоскоолдук жок. Тескерисинче, чынчыл күрөшкө баардык шарт түзүлүп турат. Анда эмесе кана, жаз, айт, пикирлештериңди артыңдан ээрчит!

Эгерде анте албасаң, анда кыйкырбай, колуңдан келбегенин моюнга алып, элди, үй-бүлөңдү адаштырбай эле, жөн жай жата бер! Антүүдөн коркосуңбу? Же уяласыңбы? Анда боюңду сууга таштап жибер. Балким, сууда сүзгөндү үйрөнүп, тиги жээкке чыгарсың. Анда чамдагын, өзүңдү сынап көр, бирок кийинкиге калтырбай, тезинен ишке ашыр! Азыр сенин убакытың абдан аз. Сен күткөн мезгил, убакыт келди. Анда, ойлон, тезинен ойлон!​

Элге сабак болду. Келгендердин баарынын жини шакардай кайнап кетти

3-декабрь, 1989-жыл

Эми шаарда ушак тарайт. Болгонунан да көп эсе апыртылып. Бул анча чоң эмес түркүк болор келечекке, анткени элдин саясий көз карашын өзгөртүүгө түрткү берилди. Элдин саясий активдүүлүгүнө ишенүүгө али эрте. Шайлоо бардыгын көрсөтөт. Бийлик аппаратынын жини шакардай кайнап калды.

Алар биздин мүмкүнчүлүгүбүздү бир канча эсе жогору көтөрүп баалап жатышат. Эми активисттерди четинен алсыратыш үчүн, алардын иштеген жеринде ар кандай ыплас аракеттерди көрө башташат эмеспи.

Айрыкча алардын көзүнө мен көрүнүп калдым. Эми өтө сак болбосо болбойт. Эгер алардын кенедей эле акылы болсо, шайлоого чейин митинг өткөрүүгө уруксат бериши керек эле. Өтпөй калган митингдин болуп өткөнүнө караганда сүрү чоң. Кандай тыюу салса, анын баары бийликке каршы иштейт. Бийлик өз кызыкчылыгы үчүн демократиялык жол менен күрөшүүгө таптакыр даяр эмес экен.​

4-декабрь 1990-жыл.

Отунбаева билимдүү, терең аял көрүнөт. Кыргыздын кызы үчүн бул чоң жетишкендик.

Эки анжылык мени эзип бүтмөй болду. Бир жагына оош керек окшойт. Ыкшоолуктан кантип кутулам?

Партмамлекеттик номенклатуранын кууш кызыкчылыгын гана коргогон саясий түзүлүштөн жалпы элдин кызыкчылыгын коргогон түзүлүшкө өтүү кайра куруунун негизги милдети, маселеси. Бул чоң кармаш. Мен ага даярмын!

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG