Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

"Сократтын мурасын жаштар билсе дейм"


ОшМУнун окутуучусу Шербол Жапаралиев YouTube каналы аркылуу Батыш философиясынын тарыхы тууралуу лекцияларды өтүүдө. Коллаж.
ОшМУнун окутуучусу Шербол Жапаралиев YouTube каналы аркылуу Батыш философиясынын тарыхы тууралуу лекцияларды өтүүдө. Коллаж.

ОшМУнун окутуучусу Шербол Жапаралиев YouTube каналы аркылуу Батыш философиясынын тарыхы тууралуу лекцияларды өтүүдө.

Шербол Түркияда Анкара шаарындагы Гази университетинде магистратураны, андан кийин Эскишехир шаарындагы Анатолия университетинде докторантураны аяктаган. Коммуникация илимдеринин философия доктору (PhD) деген илимий даражасы бар. Учурда ал Ош мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасында сабак берет.

- Шербол мырза, жакында Фейсбуктан философия тууралуу онлайн лекция өтүп жатканыңызды көрүп калдым. Жеңил маалыматты качырып калган доордо мындай татаал сабактарды курбалдаштарыңыз, коом кандай кабыл алууда?

- Идея ОшМУда иштеген Нурсултан Абдимиталип уулу аттуу кесиптешим экөөбүзгө таандык. Максатыбыз - студенттер үчүн сапаттуу контент жасоо эле. Пайдабыз тийсин деген эле альтруисттик ой менен баштаганбыз. Айына бир же эки жолу лекция өтүп, 12 же 15 даанышман тууралуу айтып берүүнү көздөгөнбүз. Бирок баары убакытка жараша эмеспи. Бош боло калганда тартып жаттык, ошентип бир жылга созулуп кетти. Албетте, биздин лекция калың масса үчүн эмес. Азыр YouTube койгон видеолорубузду көргөндөр аз. Биз мындай болорун башынан эле билгенбиз. Мындай көрүнүш бизде эле эмес экенин белгилей кетейин. Философия жөнүндө берүүлөр башка өлкөлөрдө деле оюн-зоокко караганда аз көрүлөт. Бизде бир жагынан издеген киши орусча эле көрүп алат экен. Экинчиден, философияга, илимге кызыккандар аз. Бирок YouTube платформасынын жакшы жери керектүү маалыматтар жоголбойт. Быйыл болбосо 5-10 жылдан кийин деле көрө беришет дегендей.

- Биз студент кезде философия сабагы өтө зергиштүү сезилчү. Анын чыныгы маани-маңызын канча жылдан кийин түшүнүп атабыз. Азыркы студенттер кандай кабыл алууда?

- Азыр деле “зеригиштүү сабак” деген көз караш бар экен. Студенттерден сурасак, предметке кызыкпаганы үчүнбү же жакшы окубаганы үчүнбү философиянын чыныгы маани-маңызына көбү түшүнбөйт. “Бактылуу болуу эмне?” дегендер бар. Так илимдерди билбейм, бирок гуманитардык багытта окугандарга философия бир семестр өтүлөт. Муну мен колдойм. Бирок ошол убакытты “бактылуулук эмне деген?” абстрактуу сабактарга бөлүп отурбай, Батыш философиясынын тарыхын, Сократтан баштап азыркы ойчулдарга чейин өтүү туура болмок. Бул жок дегенде дүйнө тааным үчүн пайдалуу.

Философия – илимдин пайдубалы десем болот. Анткени андагы ысымдар гуманитардык-социалдык башка илимдерде да кездешет. Илим деген ушундай, бири-бирине чырмалышып кете берет. Философияны түшүнүү үчүн ак-караны ажыраткан куракка жетүү керек деген да көз караш бар. Андай болушу да мүмкүн. Мен өзүм Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окугам. Убагында бизге деле көп нерсени окутушкан экен. Мен деле ошол кезде бул сабакты зеригиштүү деп ойлопмун. Бирок Түркияда магистратурада, докторантурада окуп жүргөн жылдары көзүм ачылды. Мурда окугандарым мага жол көрсөттү десем болот.

- Биздин убакта философия тууралуу эмгектин көбү орус тилинде болчу. Азыр абал кандай? Негизи татаал илимдерди өз эне тилиңде окумайынча жылыш болбойт дешет.

- Кыргызстанда орус тили жайылганы менен кыргызча сүйлөгөндөр көпчүлүктү түзөт да. Экинчиден, эгемен мамлекет болгондон кийин эне тилди академиялык илимий тилге айлантуу абзел. Ага убакыт жетти. Ачык айтуу керек, бүгүнкү күндө илимде орус тили үстөмдүк кылат. Көпчүлүк философиялык оор терминдер кыргызчага которулган эмес. Аны которуу да чоң эмгек. Бирок сөзсүз которулушу керек.

- Байыркы Римдеги мамлекеттик кызматкер, даанышман Цицерон “Философия сен шаарларды пайда кылдың, жапайы адамдарды коомдук тартипке үйрөттүң” деген мааниде айткан тура. Жогоруда өзүңүз философиянын мамлекет башкаруудагы ролун белгилеп кеттиңиз. Мындан улам ой туулат, бизде аң-сезимдүү коом катары калыптана албай жатканыбыз балким бул илимди көпчүлүк түшүнбөгөндөн улам болуп жүрбөсүн?

- Биз лекцияда байыркы Греция, Римден баштап ХVII-XVIII кылымды жана азыркы доорго чейин 2500 жылдык тилкени алдык. Ошол тилкеде адамзат тарыхындагы эң акылдуу адамдар жашап өткөн. Сократ, Аристотел ж.б. этика, саясат, илим тууралуу кеп кылышкан. Ошонун баары бизге тажрыйба болушу керек да. “Киши ката кетирип анан үйрөнөт” деп коюшат. Бирок иш жүзүндө андай болбош керек. Акылдуу кишилер башкалардын катасынан үйрөнөт. Ошол катаны бизге чейин жүздөгөн лидерлер, мамлекеттер кетирген. Анын баарын тарыхтан окудук да. Бизде азыр ал каталарды кайталабаганга толук мүмкүнчүлүк бар. Гитлерден, Сталинден, кызыл кыргын согуштардан кийин төрөлдүк. Алардын катасынан сабак албагандан кийин билбейм эмне дешти... Менимче, башкаруучу кызматта жүргөндөр билимдүү болушу керек. Жок дегенде саясатты окусун. Тилекке каршы, бизде дүйнөлүк саясатты кой, ар бир келген башкаруучу мурдагынын катасынан сабак албай жатпайбы. Улам келгени камап, куугунтуктап, эски тырмоочту басып жатат.

- Бирөөнүн катасынан сабак ал, өз каталарыңдан сабак алууга өмүрүң чак келбейт деген сөздү айткыңыз келип атабы?

- Ооба.

- Б.з.ч. 400-300-жылдары жашап өткөн грек философу Диоген Синопский “Философия менен медицина адамды башка макулуктардан өйдө аң-сезимге ээ кылды. Астрология менен төлгө акылдан адаштырды. Ырым-жырымдар жана деспотизм адамды бактысыз кылды” деп айткан экен. Азыр бизде илим алсырап, калгандардын күнү тууп аткандай... Ток этерин айтсам, аң-сезимдүү коомду кантип курсак болот?

-Негизи деспотизмдин кандай формасы болбосун жакшы эмес. Анын ичинде илимдин деспотизми дагы. Бирок коомдук аң-сезимди көтөрүү үчүн илимди сөзсүз өнүктүрүү керек. Бала бакча, мектептен баштап бир система курулбаса, бул көйгөй кала берет.


Бир нерсени айта кетейин, мен табиятымдан билимдин утилитаризмине каршымын, көп жактырбайм. Азыркы учурда анын толкуну Кыргызстанга да жеткенин көрүп жатабыз. Ковидден кийин “кантип ийгиликтүү саясатчы же бизнесмен болуу керек” деген темадагы онлайн семинарлар күч алды. Алар бизнесте же саясатта жүргөн адамды чакырып алып, "үч-беш китеп сунуштаңыз, ошону окуп биз дагы Илон Маск же Стив Жобс болуп кетели" дешет. Бул эми бир чети баёолук. Он же беш китепти окуп эле илимдүү болуп кетпейсиң. Илим деген татаал, зеригиштүү иш. Ага ошого даяр болуп келишиң керек.


-Сиз мен билгенден журналистиканы окугансыз. Анан чет өлкөдө магистратураны окуп келдиңиз. Азыр Ошто жогорку окуу жайда сабак берип жаткан экенсиз. Ушундан улам суроо бергим келет, илимге ооп кетишиңизге эмне түрткү болду?

– Эми ал адамдын мүнөзүнө, психологиялык өзгөчөлүгүнө жараша болсо керек. Мен Түркияда магистратураны да, докторантураны да бүтүрүп келдим. Магистратура - бул чылгый илим. Бир аз окугандан кийин менин жолум ушул экен дедим. Кыргызстанда журналистиканы филологиянын бир бутагы көрүшөт. Журфакта көбүнчө филолог адистер сабак берет. Бирок Батышта бул өзүнчө илим катары каралат. Атайын массалык-коммуникациялык изилдөөлөр жүрөт дегендей. Ошого жараша илимий даражалар берилет.

- Четте жүрүп келген кишине дароо байкалат эмеспи, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы айырмачылык сизге көрүндү да. Биздин жогорку окуу жайларына кандай реформалар керек деп ойлойсуз?

- Кыргызстанда маселе көп, кайсы бирин айтайын. Реформа өзү түп-тамырынан жасалышы керек. Бизде болсо жогорку билимдин, университеттин аброю түшүп кеткен. Чет өлкөдөн окуп келгендер бааланбайт деген маселе бар. PhD деген илимий даражаны көп жылдан бери өгөй бала кылып жүрүп, эми гана кабыл ала баштаптыр. Мен дагы катаал жылдарды көрбөй калган экем. Азыр өткөөл убакта турабыз. Ошол эле маалда PhD деген даражасы бар адис илимдин кандитаты менен бирдей айлык алышы керекпи деген маселе бар. Советтик өлкөлөрдө беш жыл окуп, анан кандидат болуп, анан докторлукту жактачу да. Дүйнө болсо эбак Болон системасына өткөн. Анан илим бир эмес, эки бутка аксаган Кыргызстан башка жактан окуп келгендерди тааныбай, кабыл албай жатканына бир чети күлкүң келет. Дүйнө менен эриш-аркак боло берүү ордуна эскини кармаганга аракет кылып жатабыз. Бул эми Орусиянын таасири окшойт. Болон системасы аларда болбой калды деп, ошол жолго түшүп баратабызбы деген ой келет.

- Акыркы жылдары билим берүү онлайнга өттү. Айрыкча социалдык платформаларды тил үйрөтүү үчүн колдонуп жатышат. Бул процесске кандай баа бересиз?

- Технологияны туура колдоно билсең бул жакшы нерсе. Мисалы, эл аралык деңгээлде бир конференция уюштурсаң, ар кайсы мамлекеттен илимпоздорду чакырдың дейли. Бирок бир маанилүү доклад жасай турган окумуштуу чек арадан чыга албай же ооруп келбай калды. Бирок ал жыйынга онлайн катышып жатпайбы. Бул жакшы да. Байкашымча, пандемия онлайн билим берүүгө өтүүнү тездетти. Бирок онлайн берсең да, офлайн берсең да сапат деген маселе маанилүү. Мен өзүм да сабакты онлайн берип көрдүм бир-эки жолу. Баары бир офлайнга, бетме бет отуруп сабак өткөнгө жетпейт экен. Тил үйрөнүү жагын билбейм. Балким, кыска-кыска видеолор менен үйрөтсө болот чыгаар. Бирок чыныгы илим Тик-Ток же Инстаграм менен жасалбайт. Жасалбашы керек, жасалса трагедия болот го. Илим өзү татаал, чарчата турган иш. Ошондой болушу керек. Эгер оңой, интернеттен бөлүп-бөлүп үйрөнө алсак, анда ал илим болбой калмак.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG