Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Жүрөгүнө аалам баткан ойчул 70те


Журналист, публицист Эсенбай Нурушев. 16.9.2010.

Кыргызстандын заманбап ойчул жана публицисттеринин бири, мурдагы “азаттыкчы” Эсенбай Нурушев 70 жашка чыгып, торколуу тоюн үй-бүлө кашында, жакын чөйрөдө белгилөөдө. Анын кичүү кесиптеши Т.Чоротегин маараке ээси тууралуу ой толгоосун сунуштайт.

Абалтан эле кыргыз коому сөздү аздектеп, ар дайым эл ойготоор нускалуу кеп айта алган карыя кишилерди “аксакал” деп аташчу. Азыркы тапта 20 жаштагылар деле чоң сакал өстүрүп жүрүшөт, ал эми Эсекебиз бүгүн, 70ке чыккан күнү, жап-жаш бойдон. Байкебиздин сакалы да жок, велосипед (элесепет) тебүү жагынан да, бильярд ойнунда таамай атуу жагынан да далай жигиттерди чаңда калтырат.

Эсенбай байкебиздин мааракеси таажы вирусунун айынан коомчулукту ар кандай жыйындарга чогулбай турууга чакырык байма-бай жасалып жаткан чакка туш келди. Өтө карапайым байкебиз буга чейин деле ар кандай туулган күндөрдү бака-шака түшүп өткөрүүнү жактырчу эмес. Бирок жылнаама өзү шыбырап турган чакта, биз агабыздын, устатыбыздын 70 жылдыгында ал жөнүндө азыноолак сөз кылууну чечтик.

"Азаттыктын" ички сыйлыгын алуу учуру. Прага шаары. 12.9.2005.
"Азаттыктын" ички сыйлыгын алуу учуру. Прага шаары. 12.9.2005.

Эсенбай Нурушев азыркы кыргыз айдыңдарынын ичинен эч кайталангыс, терең билимдүү, калеми курч, ой чабыты бүткүл дүйнөнү тепчиген феномендик деңгээлде болгон калемгер.

Эсенбай агай кыргыз, орус, англис, казак, өзбек тилдериндеги адабиятты өз алдынча чагып окуп, бай китепканасынан тышкары, онлайн ресурстарды мыкты өздөштүргөн, талбай изденген адис. Анын чыгармачылыгында, публицисттик эмгектеринде бир өзгөчөлүк бар: ал кыргыздын далай окумуштуу деп өзүн атаган калемгерлери өмүрү уга элек илимий терминдерди латын, грек тилдериндеги түшүндүрмөлөрү менен бирге сунуштап, аларды ичинен уялууга аргасыз кылып турат. Ойготуу деген эле нерсе – ушул да.

Ошол эле учурда кыйла философиялык терминдерди, сөз айкаштарын, түшүнүктөрдү ал кыргыз тилине жатык которуу аракетин жасап келет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн анын "Азаттык" үналгысы үчүн курган өтө маанилүү жана кызыктуу маегинен бир үзүндү сунуштайлы (маекти алып барган – Амирбек Азам уулу Усманов):

«Азаттык»: - Эсенбай аке, сиз «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» китебинде өтө көп философиялык терминдердин кыргыз тилине которуп, терминдин маанисин таасын берген сөздөрдү пайдаланыпсыз. Мисалы, «вечные вопросы» мурда «түбөлүктүү маселелер» деп айтылып жүрсө, сиз «такылеттик маселелер» деп алыпсыз. Бытие дегенди болмуш», «человеческое бытие» - «адам болмушу», «духовное бытие» - «жан дүйнөнүн болмушу», «мышление» - «ойлом», «познание» - «тааным-билим», абстракттуу – «бейтаасын» жана башка көп сөздөрдү колдонууга ишенимдүү киргизгенсиз. Өзүңүз белгилеп кеткендей, ал сөздөрдүн негизги булагы катары «Манас» эпосун көрсөтүпсүз. Сиздин тажрыйбаңызды карап отуруп, байыркы грек тилиндеги жана латын тилиндеги көөнө терминдерди фольклордук кенчке таянып, кыргызчаласа болот турбайбы деген ой кетти. Ушул жөнүндө сиздин оюңуз кандай?

Эсенбай Нурушев: - Бул терминдердин айрымдары жакында эле пайда болгон. Балээнин баары мында да... Биз, кыргыздар, көп окубайбыз. «Окубасам да оюмду айтып коёюн» деген биздин кыргыздан чыккан да. Бизде чоң-чоң адамдар болгон. Терминдердин баарын алар тээ өткөн кылымдын 60-жылдары жараткан. Маселен, Азиз Салиев жана башкалар... Алар ушу терминдерди кыргызчалаганга аракет кылган.

Бардык эле терминдерди кыргызчага өткөрүп салуу кыйын. Анча-мынча оңтойу, ыңгайы, мааниси жагынан төп келип тургандарын, менимче, кыргызча эле айтыш керек. Жаза бериш керек. Ошентип бара-бара сиңет да. Дүйнө тааным, философия жагынан биз, кыргыздар, караңгы элбиз, андай-мындай деген туура эмес. Мен китепте көрсөттүм: шумерлердин философтору кандай ойлонсо, эң байыркы кыргыз философу да дал ошондой эле ойлонгон. Өзүбүздү өзүбүз карабай, изилдебей, маданий дасмиябызга кеңири көңүл бурбай, жалаң башкаларды туурап атып, башкаларга алакан чаап, ошолорго тамшанып атып, өзүбүздө турган нерселерди көрбөй калыптырбыз. Ушуга толук көзүм жетти. Анча-мынча терминдерди колдон келишинче кыргызчалаганга аракет кылдым.

Шилтеме: Усманов А.А. Эсенбай Нурушевдин «Айтматологиясы» // “Азаттык” үналгысы. – 03-апрель, 2019-жыл.

Эсенбай агай сөз наркын, сөз баркын, кунун мыкты билген журналист. Ал айрым учурда өзү баштан кечирген окуяларды эскерип айтып калат: көрсө, жаш кезинде ал деле айрым сөздөрдүн маанисин тактоо үчүн Түгөлбай Сыдыкбек уулу сыяктуу залкарларга да күн-түн дебестен телефон чалып сурачу экен.

Кусейин Карасай уулунун “Өздөштүрүлгөн сөздөр” жана башка эмгектери кийинчерээк гана жарык көрбөдүбү. Ал эми Жээнбай Муканбай уулунун диалектологиялык сөздүгү эгемендик доорунда гана толук басылып чыккан.

Эшенаалы Арабай уулунун мурасын ачык окумак тургай, ал тууралуу шыбырашып гана талкуулашуу керек болгон. Бир ирет бир макала “Советтик Кыргызстан” гезитиндеги биим берүү жаатынагы макалага кирип кеткендиги үчүн Э.Нурушев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин кеңсесиндеги идеологдорго барып “цензуралык сурактан” өтүүгө аргасыз болгон күндөр болду.

Ошондуктан ал кезде, б.а. СССРдеги “Кайра куруулар” дооруна чейин, жаш калемгерлерге жана термин таануучуларга сөз байлыгы мыкты аксакалдар менен жандуу баарлашуу зарылчылыгы азыркыдан алда канча күч болгонун аңдоо кыйын эмес.

Эми болсо Эсенбай агай ошол совет доорундагы устаттардын ордун басып, кыргыз тилинин бай дүйнөсүн кемейтпестен, ого бетер байытуунун кара жумушун аткарып келет.

Бир курдай, “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде иштеп жүргөн чагында, Эсенбай байкеге нарындык бир киши сын пикир жолдоду. Анда “Сиз ушул терминди таңуулап жатасыз, түштүктүн сөздөрүн жамай бербеңизчи?” дегендей маани камтылган. Эсенбай байке бул термин, тескерисинче, нарындыктар арбын колдонгон сөз экенин К.Юдахиндин “Сөздүгүнө” шилтеме кылып жооп узаткан.

Эми ал кыргыздын жана башка түрк элдеринин төл сөздөрүн “Манас” эпосунан, илгерки руна сымал жазманын эстеликтеринен, Махмуд Кашгари Барскани бабабыз 11-кылымда калтырган “Дивандан”, орток чагатай адабиятынан ж.б. мисал кылып эскертип келет.

Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор – Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.
Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор – Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.

Мен бул чакан блогдо Эсекебиздин терең чыгармачыл дүйнөсүнүн четин да оюп бере албастыгыма көзүм жетип турат.

Аны журналист, публицист, котормочу катары дурус билишет. Мен аны журналисттердин устаты катары гана көрүп чектелбестен, коомдук өнүгүү жолдору тууралуу философиялык жактан мазмуну терең ой-пикирлерин ырааттуу жазып келген ойчул жана коомдук ишмер катары баалайм.

Эсенбай философ –– бир эле учурда кыргыздын көөнө жана кийинки философиялык ой чабытын иликтеп чектелбестен, аны дүйнөлүк ой мурас менан ар дайым салыштырат. Айрым учурда кыргыз элинин кээ бир өкүлдөрүнүн түркөйлүгүн ачык жана бетке чапкандай жазат. Мисалы, илгерки курултай идеясын азыркы турмушка жасалма жамагысы келгендер, “Манас” эпосун бурмалаган жайсаңчылар тууралуу анын макалалары болочокто да өз м аанисин жоготпойт деп ишенем.

Эми, маараке ээсинин европалык көөнө терминдерди эркин жана байма-бай колдонгон ыкмасын “карызга сурап”, анын өзүнө да байыркы гректердин сөзүнө негизделген бир атты “таккым” келет: ал – кыргыздын нагыз полигистору (байыркы грекче πολύς, polys — «арбын», ἱστορία, historia — «изилдөөлөр»). Демек, ал – ар тараптуу билими бар, даанышман, энциклопедиячы айдың.

Маараке ээсине бардык журналист жана публицист шакирттеринин атынан (анын ичинде мурдагы жана азыркы “азаттыкчылар” да бар) төмөнкү каалообузду айткыбыз келет.

Кайсы сөз эске түштү экен?
Кайсы сөз эске түштү экен?

Ардактуу Эсенбай байке!

Бүгүнкү туулган күнүңүз жана 70 жылдык торколуу мааракеңиз кут болсун!

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, албан чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз. Турдукан жеңебиз менен чогуу балдардын, небере-чөбөрөлөрдүн жакшылыгын көрүп, 110 жаштын чайын жайыл дасторкон четинде ичиңиздер.

Ар дайым Бакайдай нускалуу сөзүңүз менен жаш муундарга айдыңдык шамчырак болуп жүрө бериңиз!

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG