Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ТАЗБАЙМАТТЫН КӨЗҮ КУЙРУГУНДАБЫ?


“Кыргыз туусу” гезитине белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Тил, тарых жана тазбайматчылык жөнүндө” деген интервьюсунун соңку бөлүгү басылды. Э. Нурушев тил менен тарыхка мамиле жасоого келгенде тазбаймат-этимологдор жаңылып жатышканын, мындай жарма патриоттор “бейкут” деген сөз “кутсуз” дегенди билдирет деп мамлекеттин гимнинен алып салуу талабын коюп чыгышканын, ушуга окшош дагы бир мисал Манастагы анын “канкор” аталышын учурунда ашынган котормочулар “кровожадный Манас” деп орусчалап салышканын, сөз төркүнүнө келсек, чын эле бир мааниси “кан ичер” дегенди түшүндүргөн менен эпосто Манаска колдонулган сөз монголдордун “хонхор” же “айкөл, кең пейил” дегенин түшүндүрөрүн белгилеп, дагы бир талашка айланган, мамлекттик гимндеги “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сапты чиновниктердин бири :”дилин берсе, анан тилин берсе, анда кыргыздын өзүнө эмне калат?” деп чыгары менен кошоматчылар аны дуулдап коштоп, айрым акындар кубаттап ыр да жазып ийгенге дейре барышканын белгиледи. Э. Нурушев ошондой эле Кудайдын бир аты –Акыйкаттык, Адилеттик болсо аны да жөн койбой Кудайдан ат талаша баштаганын, маселен Юстиция министрлиги атын –“Адилет министрлиги” атаса, Омбудсмен институту атын - “Акыйкатчы” атаганын, эгер “юстиция” деген сөз түп маанисинде “адилеттик” дегенди түшүндүрөрү ырас болсо, анда “юстиция” деген “малай” деген маанини түшүндүрөрүн, учурунда феодалдар жумшаган малайларын “министр” деп аташканын далилге тартуу менен мындан башка дагы олуттуу маселелердин көзүн ачкан.

Кыргыз массалык маалымат каражаттарынын катарына дагы бир жаңы гезит келип кошулду. “Айыл ажары” деп аталган гезиттин 2-саны күркөлөргө түштү. Элет турмушуна арналган гезиттин бул санынан сиздер “Кышында тоют жетеби?” деген макаланы жана “Тоютбектин кеңешин” окуйсуздар. Көл менен Нарында чөп болбой калганын, күндүн ысыгы менен суунун тартыштыгынан малдуу райондордо абал оордогонун, ал эми Токмоктун базары казактын малына толуп кеткенин, 28-30 миң сомдук уйду 15 миң сомго сурап калышканын, айрым жерлерде чөп ордуна камыш оруп киришкенин айылчарба адиси Муканбет Аденов сөз кылса, Суусамырда чөп жакшы экендигин, бирок сатылбай тургандыгын Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Сарайбек Айтбаев айтып берген. Ак-Талаа районунда 1 боо чөп 100 сомго жеткенин, Ак-Талаанын малбазарында койлор-3-4 миң, козулар-2 жарым-3миң сом, жылкылар-25 миңден 40 миң сомго чейин, уйлар-20-25 миң сом болуп атканын Ак-Талаа районундагы 1-Май дыйкан чарбасынын жетекчиси Дөөлөтбек Абдрахманов сөз кылган. Гезит булардан тышкары жайыт жана мал ооруларынын көйгөйлөрү жөнүндө адистер менен окурмандардын ойлорун баскан.

“Алиби” гезити гезитке “террор” башталганын, гезиттин башкы редактору менен анын орунбасарларынын сары изине чөп сала башташканын, Таласта жана Бишкекте гезитти күркөлөрдө, базарларда саттырбоо айлам-амалы жасала баштаганын кабарлады.
Гезиттин “Арам акча аш болбойт” аттуу макаласында Кыргызстандын каржы полициясы “Газпром Нефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коомуна кылмыш ишин козгоду деп билдирүү менен, бир күндө 1000 тоннага чукул күйүүчү май саткан “Газпромнефть Азиянын” эргулдары ар бир литр сатылуучу майдан 250 граммдан үнөмдөгөндө эле күнүнө 25 тонна майды арттырып каларын, демек күнүнө 1 млн. сомго жакын акча сол чөнтөккө солонуп турарын, макала чыгардан бир аз күн мурда Акаев тушундагы каржы министри болот Абилдаевдин уулу Ерлан Мусаходжаевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат таратылганын, бирок каржы полициясы аны ачыкка чыгарбай кармап олтурганын, такталбаган маалыматтарга караганда бул ишти жабыш үчүн “газпромдун” жетекчилери президенттин иниси Жаныш Бакиевге киши салдыртып жатат деген имиштер барын, ал жерде иштеген агенттердин айтымында “газпромдун” башчылары 1 млн. доллар сунуш кылып жатканын жазып чыкты.

“Алиби” гезитине ошондой эле “Трибуна”-тиш кайрагандардыкыбы?” деген макала жарык көрдү. Анда ИИМ министрини 1-орунбасары Мелис Турганбаевди кантип да болсо президентке мокочо кылып көрсөткүсү келип жаткандардын жасап аткан арам иштери экендиги жөнүндө кеп болсо, “Коркунчутуу адат” деген макалада: “Бүгүн Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы бийликтин ойлонбостон жасаган калпыс кадамы эмес, атайын саясый буйуртма экендигине эч ким деле күмөн санабай калды. Бирок бул саясый буйуртманын өзү Курманбек Бакиевдин келечегине балта чабуучу чоң каталык болуп калышы ыктымал. Бул башы оору Бакиевге керек беле?” деп башталган жана Кадырбековдун камалышына саясый өңүттөн баа берилген.

“Эркин тоо “ гезитинин жаңы санына “Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамы” КР Жогорку Кеңешинин Токтому менен кошо жарыяланды.
Ушул эле гезит “Америкалык ак көпөлөк Кыргызстанды каптап кетпесин” деген макаласында бул зыянкечтин тукумун жок кылууга убагында акча бөлүнбөгөндүктөн жылдан жылга көбөйүп бараткандыгын, Бишкектин мурдагы мэри Д. Үсөновго кайрылган кат жоопсуз кала бергенин, азыркы мэр Н. Түлеев акчаны күздө берем дегенин, бирок күздө кеч болуп каларын, ошентип азыр зарыл болуп утрган 800 миң сомду аяп олтуруп, кийин 800 миң долларлык чыгымга дуушарболуп калбайбызбы деп жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG