Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Оруэллди которгон, климатка кызыккан Ильяс


Ильяс Каныбек.
Ильяс Каныбек.

"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүнүн бүгүнкү каарманы Ильяс Каныбек. Ал Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти. Учурда дипломдук ишин жазып, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарда жашаган адамдарга тийгизген таасирин иликтеп жүрөт.

Ал эки жыл мурда чоң атасы, тарых жана саясат таануу илиминин доктору, профессор Аалыбек Акунов менен бирге Жорж Оруэллдин "Айбан ферма" чыгармасын кыргызчага которгон.

- Ильяс, учурда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймакта жашаган адамдарга тийгизген таасирин иликтеп жатыпсыз. Эмнеге бул темага кириштиңиз?

- Мен антропология адистигине билим алып жатам. Бул абдан чоң илим болгондуктан ичинде экологиялык антропологияга фокус жасап, ошол жөнүндө тереңирээк билим алгым келди. Анткени, Кыргызстан - тоолуу аймак, көп изилдөөлөр климаттын өзгөрүшү тоолуу аймактарга эң көп таасир этерин айтып жатышат.

Мисалы, мурдагы союздук республикалардын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан эң кооптуу абалда тургандыгы далилденгени илимий факт.

Бирок, азырынча биздин бийлик дагы, карапайым тургундар да буга көп көңүл бура элек. Мисалы, мен өзүмдүн изилдөөмдү Кочкордо өткөрдүм. Анткени өзүм ал жактан болом, туугандарым ал жакта жашайт. Ал жактын жашоочуларына климаттын өзгөрүүсү тууралуу айтсаң, көп түшүнгүлөрү келбейт. Жалгыз айыл башчы гана кызыгып, түшүнүп турду. Ал буга чейин да ар кандай долбоорлорду айтса, жергиликтүүлөр ага каршы чыгышыптыр.

Кыргызстандагы тоолуу аймактар жөнүндө англис тилинде маалымат абдан аз. Ошондуктан менин чакан дипломдук ишим башка окумуштууларды кызыктырып, бул жакка келип изилдөөсүн жасаса деген үмүттө ушул ишке кириштим десем болот.

Ильяс Каныбек
Ильяс Каныбек

- Кочкордун жашоочуларын ойлонто турган кандай кооптуу жагдайлар бар?

- Биз дайыма климаттын өзгөрүшү келечекте боло турган нерсе катары сүйлөйбүз, бирок климат өзгөрүп, кедергисин тийгизип жатат. Мисалы, Кочкордо кургакчылык. Канча адамдар менен сүйлөштүм, алардын дээрлик бардыгы суу жылдан жылга азайып жатканын айтышууда. Ал эми кишинин саны өсүп жатат. Экинчиси - температура. Кыш жылдан жылга жылуу болуп, кар аз жаап, шамал көбөйөт. Эң жаманы, биз каалабагандай аякташы мүмкүн. Ал жакта жашаганга мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошол эле Ак-Учук айылынын жанында Ак-Чий деген жаңы конуш түштү. Киши көбөйгөн сайын табияттын ресурстары азайып жатпайбы. Ошондуктан аларды туура бөлүштүрүүнү үйрөнүшүбүз зарыл.

Климаттык апааттан кайда качабыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

- Эмне кылыш керек ошондо? Кантип ресурстарды туура бөлүштүрүш керек деп ойлойсуз?

- Мисалы, мен Ак-Учукка бара жатканда, таксинин айдоочусу жолдон бир нерсе алып, таштандысын машиненин терезесинен эле ыргытып ийди. Бул адамдын табиятка болгон мамилесин көрсөтөт. Cуу бөлүштүргөндө эч ким кошунасын ойлобойт, өзүнө жетиштүү болсо дагы бир аз көбүрөөк алайын дейт. Ар бир адамдын салымы болуш керек. Жалгыз айыл башчы Ак-Учукту сактап кала албайт. Акыркы жылдары Чолпон айылынын тургундары Ак-Учуктан суу күтпөй калышыптыр. Ар бир үй жер алдынан суу чыгарып бактылуу. Бирок, жердин астындагы суу абдан кыска убакытта түгөнөрү менен эч кимдин иши жок.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:

Каныбек: Китеп окууну "хайпка" айлантыш керек

- Андан тышкары котормо менен дагы алектенет экенсиң. Мен азыр колумда кармап турган Жорж Оруэллдин Animal farm же болбосо "Айбан ферма" деп аталган китебин чоң атаң менен кыргызча которуп чыгыпсыңар. Эмне себептен бул жазуучунун дал ушул чыгармасын которууну чечтиңер? Бул кимдин идеясы болду?

- Чоң атам Аалыбек Акуновдун - тарых илимдеринин доктору, профессордун демилгеси болду. Мен мектептен кийин Кытайга барып, бир жыл окуп келгем. Андан мурда Оруэллдин "1984" аттуу китебин окуп, көп деле кызыккан эмесмин. Бирок Кытайга баргандан кийин анын маанисин түшүнүп, кайра окуп чыктым. Мисалы, ал китепте "үстүдөн бирөө карап турат" деген идея бар. Кытайда камералар көп, социалдык система иштейт. Бардыгы көзөмөлдө. Акыркы жылдары Кытайда жаңы "социалдык насыя" деген программа пайда болду. Ага ылайык, адамдарга жакшы иштер үчүн упай берилет, жаман иштери үчүн ал упайлар азайтылат. Бирок жаман иш, жакшы иш дегендин өзү философиялык суроо эмеспи. Айтор, Оруэллдин чыгармалары эгемендүүлүк, адам укуктары, эркиндик тууралуу ойлонтот. Мен чоң атама окуган китептерим тууралуу көп айтып берем. Арасынан "Айбан ферманы" которууну чечтик. Бир жылга чукул убакытта бүтүрдүк. Экөөбүзгө дагы бир нече адам жардамдашты. Чоң атамдын демилгеси менен айрым каармандардын аттарын кыргызчаладык. Себеби, чоң атам кыргыздарга, окурманга жакын болуш керектигин айтты.

Жорж Оруэллдин Ильс Каныбектин катышуусунда которулган жана 2021-жылдын башында жарык көргөн "Айбан ферма" китебинин мукабасы. Дүйнөлүк бестселлердин кыргызча дагы бир варианты «Айбан чарба» деген аталыш менен жазуучу Насыпбек Асанбаев тарабынан 2017-жылы которулган.
Жорж Оруэллдин Ильс Каныбектин катышуусунда которулган жана 2021-жылдын башында жарык көргөн "Айбан ферма" китебинин мукабасы. Дүйнөлүк бестселлердин кыргызча дагы бир варианты «Айбан чарба» деген аталыш менен жазуучу Насыпбек Асанбаев тарабынан 2017-жылы которулган.

- Китепти кандай кабыл алып жатышат? Сатыкка чыгарылды да?

- Биз колдон келишинче арзан кылып, сатыкка койдук. Бир китеп 200 сом турат. Көп мектептерге, университеттерге бекер таратылды. Сатып алганга мүмкүнчүлүктөрү болгондор сатып алды. Бизде окуу маданияты көп өнүккөн эмес, адамдар көп окубайт эмеспи.

- Азыр интернет өнүгүп турган заманда китеп окууга кызыктырыш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз? Азыр көбүрөөк "Кантип байыш керек, кантип өнүгүш керек" деген сыяктуу китептер мода болуп жатпайбы. Ошол маалда көркөм чыгармаларга кантип көңүл бурдуруш керек?

-Юваль Ной Харраринин Sapiens: A Brief History of Humankind китеби көлөмү чоң болгонуна карабастан бестселлер болду. Ал китепти комикс түрүндө чыгарганда окурмандары дагы көбөйдү. Менимче, кызыктыруунун жолун табыш керек. Азыркы тил менен айтканда китеп окууну "хайпка" айлантуу зарыл.

- Азыркы кыргызстандык катары сени өлкөдө эмне сүйүнтөт жана эмне тескерисинче өкүндүрөт?

- Биздин жарандык коомдун активдүүлүгү менен сыймыктанам. Кандай гана кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болбосун бир муштум болуп биригип, ыктыярчылык менен бири-бирибизге жардам берип келебиз.

Ал эми кейиткен нерселерден адам укуктары го деп ойлойм. Аялдын укуктары абдан көп тебеленет. Менимче, бул абсурд. Жүздөгөн балдардын сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Биз жалгыз билим менен гана алдыга кете алабыз. Тил билбесек, маданиятыбыз жок болсо, билимибиз жок болсо, өнүкпөсөк, артта калабыз.

Ошентсе да мен баары жакшы болоруна үмүттөнөм. Муну мен ооган досторумдан үйрөндүм. Мекенинде кандай гана кыйынчылыктар болбосун "Ооганстан бутуна турат" деген бекем ишенимден кайтышпайт. Мен да Кыргызстан толук демократиялуу, адам укуктары тепселбеген мамлекет болоруна ишенем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG