Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Жорж Оруэллдин бестселлер чыгармасы кыргыз тилине которулду


Британ жазуучусу, журналист жана публицист Жорж Оруэллдин Animal Farm чыгармасы англисчеден кыргызчага которулуп, басылып чыкты.

Дүйнөлүк бестселлерге айланган чыгарманы кыргыз тилине «Айбан чарба» деген аталыш менен Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Насыпбек Асанбаев 2017-жылы англис тилинен которгон. Китептин орус жана түрк тилдериндеги котормолорун да пайдаланган. Аны oku.kg басма үйү быйыл февралда жарыкка чыгарды.

Үлгү-насыят мазмундагы сатиралык повесть өзүнчө китеп болуп 1945-жылы жарык көргөн.Каймана мааниде жазылган чыгарма диктаторлукту, анын кантип пайда болуп, кантип өнүгүп жүрүп отурарын таасын чагылдырат. Чыгарма жаныбарлар тууралуу жазылгандыктан балдардан тартып чоңдорго чейин кызыктуу жана жалпы окурмандарга арналат.

Насыпбек Асанбаев 38 жашта. Ал кыргыз тилинде аңгеме жазып, китептерди которуу менен алектенет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар бир 1000 адамга 288 китеп туура келет. (RK)

XS
SM
MD
LG