Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Жалал-Абадда "Жаз жармаңкеси" ачылды


Жалал-Абад. 2021-жылдын 27-февралы.
Жалал-Абад. 2021-жылдын 27-февралы.

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 27-февралда быйылкы жылдын “Жаз жармаңкесинин” ачылышы болду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, шаар башкармалыгы уюштурган жармаңкеде айрым азыктар базар баасынан арзан сатылды.

Базарда бир мүшөгү 1650-1800 сомдон сатылып жаткан ун 1600дөн, 12 сомдук жумуртка 9,5 сомдон, 450 сомдук эт 420 сомдон сатылды, калган азыктардын наркы дүкөн-базардыкынан айырмаланган жок.

Жалал-Абад. Жаз жарманкеси.
Жалал-Абад. Жаз жарманкеси.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун айтымында, жармаңке ар ишемби-жекшемби сайын уюштурулуп турат.

Облустагы быйылкы жылдын азык-түлүк жармаңкелери 26-февралда Сузак районунан башталган.

Премьер-министр Улукбек Марипов буга чейин «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, азык-түлүктүн кымбатташына тынчсыздануу билдирген жана өкмөттө бааны түшүрүү маселеси талкууланганын айткан.

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы соңку бир жылда дээрлик эки эсе кымбаттады. (TB)

XS
SM
MD
LG