Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Бишкекке Өзбекстандын башкы дипломаты келди


Президент Садыр Жапаров (оңдо) менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (солдо). Бишкек шаары. 2021-жылдын 27-февралы
Президент Садыр Жапаров (оңдо) менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (солдо). Бишкек шаары. 2021-жылдын 27-февралы

Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келди. Бүгүн 27-февралда коңшу өлкөнүн башкы дипломатын президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай Садыр Жапаров “Кыргызстандын өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигин” айтты.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алаканы тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.

Камилов өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Садыр Жапаровго “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга жиберген чакыруусун жеткирди.

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга расмий сапары даярдалып жатканын Тышкы иштер министрлиги 22-февралда кабарлаган. Сапардын так датасы азырынча айтыла элек.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылдан кийин жакшыра баштаган. Ага чейин чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, кызматташтык дээрлик токтоп калган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталганын жакында кыргыз өкмөтү кабарлаган. (RK).

XS
SM
MD
LG