Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга барат


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга сапары 2-3-мартка пландалууда. Бул маалыматты 27-февралда «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын маалымат кызматы тастыктады.

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган. Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусия Федерациясынан баштап, ал сапар 24-25-февралда ишке ашты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия экономикалык биримдиги уюмуна (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчө. Кийинки жылдары ЕАЭБдеги мүчөлүгү Кыргызстанга пайда алып келбей жатканын айткан пикирлер парламентте козголуп, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

Казакстан менен Кыргызстан бир тууган мамлекеттер катары саналганы менен соңку 5-6 жылда чек арада ишкерлерге жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан учурлар көп катталган.

Акыркы ирет казакстандык көрүнүктүү ишкер Маргулан Сейсенбай Бишкек менен Алматынын ортосу болгону 235 чакырым болгону менен 7 саат жол жүргөнүн нааразы болуп жазган. Анын айтымында, чек аранын Кыргызстан тарабын ал 15 минутта өтүп, Казакстандын чек арасында 3 саатын жоготкон жана ага 1 гана чек ара кызматкеринин иштеп жатканы себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG