Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Нигерияда уурдалган 300дөй кыз дайынсыз


2014-жылы уурдалып каза болгон кыздарды эскерүү акциясы. Нигерия. (Архивдик сүрөт).
2014-жылы уурдалып каза болгон кыздарды эскерүү акциясы. Нигерия. (Архивдик сүрөт).

Нигерияда куралчан адамдар дагы 300дөй кызды уурдап кетишти. Бул ирет белгисиз согушкерлер өлкөнүн түндүгүндөгү мектептердин бирине чабуул жасап, окуучу кыздарга кол салды.

Бул тууралуу Тhe Associated Press агенттиги кабарлады.

Маалымат агенттигинин кабарчысы менен маектешкен киши өзүнүн да 10 жана 13 жаштагы эки кызы дайынсыз жоголгонун айткан.

Куралчан адамдар мектептин жанындагы аскердик лагерге жана көзөмөл-өткөрмө бекетине да кол салышкан. Ушул тапта өлкө бийлиги атайын операция жарыялап, аларды издеп жатат.

Окуя болгон Замфара штатында адамдарды уурдаган бир нече кылмыштуу топ бар. Алар адатта барымтадагылар үчүн акча же тарапташтарын түрмөдөн чыгарууну талап кылышат.

Ушул айдын башында Нигериянын дагы бир аймагы – Нигер штатында башка бир мектепке кол салуу болгон. Кеминде бир бала өлтүрүлүп, 40тан ашуун киши уурдалган. Кармалып кеткендердин арасында мектеп окуучулары гана эмес, алардын мугалимдери жана үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар.

Эки ай мурун Нигериянын Кацина штатындагы мектептен куралдуу топ 400дөй эркек баланы уурдап кеткен.

Талдоочулар жогорудагы кылмыштарга "Боко Харам" согушкер тобунун тиешеси бар экенин айтып келишет. Ислам динине жамынган бул радикалдуу топ светтик билим алууга каршы чыгып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG