Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Байден АКШнын Сириядагы аба соккусун Тегеранга эскертүү деп атады


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Сириянын чыгышында Иран колдогон жоочуларга каршы жасалган аба соккусун расмий Тегеран мындан аркы агрессияга каршы эскертүү катары кабыл алышы керек деп эсептейт.

«Силер мыйзамга каршы иш кылбашыңар керек», - деди ал 26-февралда Хьюстондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

25-февралда Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Ирактагы АКШнын жана коалициянын аскерлери жайгашкан базага жасалган ракеталык чабуулга жооп катары абадан сокку урулганын билдирген.

Пентагондун маалыматына караганда, аскердик эки F-15E учагы Сириянын чыгышындагы жоочулар пайдаланган объектилерге жети жолу сокку урушкан.

АКШ жоочулар америкалык аскерлерге ракеталык чабуул жасашкан деп эсептейт.

Аталган базада мурда “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери жайгашчу. (RK)

XS
SM
MD
LG