Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

АКШ тергөө бюросу Пригожинге издөө жарыялады


"Конкорд Кейтеринг" компаниясынын Башкы директору Евгений Пригожин. 2017-жылдын 10-марты.
"Конкорд Кейтеринг" компаниясынын Башкы директору Евгений Пригожин. 2017-жылдын 10-марты.

АКШнын Федералдык Тергөө Бюросу (ФТБ) орусиялык ишкер Евгений Пригожинге АКШга каршы көз боёмочулук уюштурганга катышкан, АКШнын ички саясатына кийлигишип, 2014–2016-жылдар аралыгында президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылган деген шек менен издөө жарыялады. ФТБ ошондой эле бул ишкердин камалышына көмөк кылчу маалымат үчүн 250 миң долларга чейин акчалай сыйлык белгиледи.

ФТБнын маалыматы боюнча, Пригожин Санкт-Петербургда жайгашкан “Интернет-изилдөө агенттигинин” башкы демөөрчүсү болгон жана президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү үчүн АКШнын ичиндеги ири үгүт өнөктүгүнө уруксат берген. ФТБнын билдирүүсүндө, ошондой эле, АКШ жарандарынын жеке маалыматтарын уурдоонун жана интернеттеги коомдук тармактарда жүздөгөн жалган барактарды түзүүнүн артында да жогорудагы агенттик менен Пригожин турганы айтылган.

Евгений Пригожин президент Владимир Путинге өз ишканасын көрсөтүүдө. 2010-жылдын 20-сентябры.
Евгений Пригожин президент Владимир Путинге өз ишканасын көрсөтүүдө. 2010-жылдын 20-сентябры.


Пригожин өзүнө карата издөө жарыяланышын ФТБнын шоусу жана өзүн-өзү жарнамалоо далаалаты деп баалады. Анын оюнча, ФТБ коомдун терең көйгөйлөрүн жашырууга аракет кылып, "мастенге аңчылыкты" уюштуруу аракетин жасап жатат. Бул тууралуу Пригожинге таандык "Конкорд менежмент жана консалтинг" компаниясынын басма сөз кызматы билдирүү таркатты.

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү былтыр декабрда Евгений Пригожиндин ишмердиги өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына коркунуч келтире тургандыгы жөнүндө резолюцияны бир добуштан кабыл алган. Пригожин дүйнө жүзүндө согуш отун алоолонткон “Вагнер жеке менчик аскердик компаниясынын” жетекчиси катары да америкалык мыйзамчылар тарабынан шектелип келет.


2020-жылы октябрда Европа Биримдиги да Пригожинди чектөөлөр тизмесине кошкон. Ал Ливияга курал-жарак ташып жатат деген шекке кабылгандардын ичинде болгон.

2020-жылы сентябрда БУУнун чектөөлөргө байкоо жүргүзүү боюнча адистеринин комитети Ливияны согуш куралдары менен жабдууга каршы тыюуну бузган 11 компаниянын арасында “Вагнер жеке менчик аскердик компаниясын” да эскерген. (TT)

XS
SM
MD
LG