Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Ысык-Атада калайман мушташтан улам 29 адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жапырт мушташ катталып, 29 адам жергиликтүү милиция бөлүмүнө жеткирилди. Анын ичинен 11и камакка алынып, калганына административдик протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү райондогу айылдардын биринде калайман мушташ болуп жатканы тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерден мушташтын катышуучуларын – 29 адамды кармап, милиция бөлүмүнө алып келген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Ээнбаштык”) менен иш козголду.

Милициянын маалыматына караганда, мушташ дүкөн алдындагы унаа токтотуучу жайда орун талаштан келип чыккан. Унаанын айдоочусу менен башка унаадагы жүргүнчүлөр кайым айтышып, аягы мушташка айланган.

Бул окуя боюнча иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG