Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Бишкектеги Эл аралык университеттин жатаканасында өрт чыкты


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт, 2-январь, 2026-жыл
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт, 2-январь, 2026-жыл

2-январда кечинде Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Лесхозная көчөсүндө турган Эл аралык университеттин жатаканасында өрт чыгып, 150дөй студент эвакуацияланды.

Өрт толугу менен өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы түнкү саат 12ге чукул кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт кечке маал тутанган. Бул жатаканада чет элдик студенттер жашайт.

Өрттү өчүрүүгө 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.

Тилсиз жоонун аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар жок.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG