Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) такси айдоочуларды 1-февралга чейин лицензия алууга чакырды.
ЖКККББ 1-февралдан тартып такси кызматын жүргүзүүчү айдоочулардын лицензиясы жапырт текшериле баштарын, уруксат кагазы жок кирекечтик кылган айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертүүдө.
Башкармалыктын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, такси кызматына лицензия берүү өлкө аймагындагы ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүндө жүрүп жатат.
Кыргызстанда былтыр 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.
Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат, анын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом деп белгиленген.
Лицензия үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон өткөн, машинесин жылына бир жолу техникалык кароодон өткөргөн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет.
Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат.
Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.(ZKo)
Шерине