Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Ырыс Жекшеналиевдин үй камактагы мөөнөтү узарды


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-мартта Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков "Азаттык" радиосуна кабарлады. Жактоочунун айтымында, Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында болот. Соттук териштирүү уланып жатат, тараптардын жарыш сөзү 3-апрелге белгиленди.

"Сотто бардык күбөлөр суралды. Кечээ саясий жана лингвистикалык экспертиза боюнча корутунду чыгарган эксперттер суралды. Ал жакта карама-каршылыктар бар. Ишти объективдүү карап, сот аны акташы керек", - деди Сыдыков.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин активистти үй камагына чыгарышкан.

Козголгон ишке байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан окуудан чыгарылган. Кийин жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG