Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, жер титирөө Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстандын Сейсмология институту 23-мартта саат 02:07де Тажикстандын аймагындагы очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

"Азаттыктын" тажик кызматы Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, жергиликтүү саат боюнча бирден өткөнө 5,9 баллдык жер титирөө катталганын жазды.

Дүйшөмбүдө көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары эшикке чыкканы кабарланган.

Жердин силкинүүсү таңга маал дагы кайталанган.

Пакистан менен Ооганстанда шейшемби күнү кечинде 6,5 баллдык жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, 90дон ашууну жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өкмөт өкүлдөрүнө таянып билдирди.

Пакистандын түндүк-батышында расмий эсепте кеминде тогуз киши каза таап, 44ү жараат алган. Ооганстанда бери дегенде төрт адам өлүп, 50дөйү жараат алганын "Талибан" өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү маалымдады.

Эки өлкөдө бир канча турак жай жана имараттар да зыян тарткан.

21-мартта Бишкек убактысы менен 22:47деги силкинүүнүн күчү Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Индияда да сезилген.

Былтыр Ооганстандын чыгышында 6,1 баллдык жер титирөөдө миңден ашуун адам каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG