Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Бажы кызматы кармалган алты кызматкери боюнча комментарий берди


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. Мекеменин сайтына чыккан маалыматта бул кылмыш ишинин материалдары Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экени айтылат.

Андан тышкары Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы чогуу аныктаганы белгиленген.

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштурганын маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд. сомго жакын болушу мүмкүн. 16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин айткан.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак деп бааланып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG