Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Запорожьеде көп кабат үйгө тийген орус ракетасынан жети адам набыт болду


Украинанын Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө орус армиясы аткан ракета тийип, жети адам набыт болду. Дагы 25 киши жараат алды, алардын экөө бала.

"Настоящее время" каналы кабарлагандай, 22-мартта ракета тогуз кабаттуу турак жайга тийгенде өрт чыгып, коңшу үйгө да өткөн.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы "Украинская правда" басылмасына жети киши өлгөнүн тастыктады.

Президент Владимир Зеленский Запорожьедеги көп кабаттуу үйгө ракета тийгенде көзөмөл камерасына жазылып калган видеону Телеграм-каналына жана Фейсбукка жарыялады.

"Орусия шаарды жырткычтык менен аткылоодо. Карапайым калк жана балдар жашаган конуштарга сокку урду. Террордук мамлекет шаарларыбызды, мамлекетибизди, элибизди жок кылууну көздөп жатат" - деп жазды президент.

Зеленский орус террорун жеңип, адам өмүрүн сактап калуу үчүн дүйнөнүн биримдиги жана чечкиндүүлүгү зарылдыгын белгиледи.

Шаршембиге караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече аймагына чабуул жасаганда кеминде үч жай тургун каза тапканы мурдарак кабарланган. Расмий билдирүүдө Орусия ирандык дрондор менен 21 жолу кол салганы, алардын 16сы атып түшүрүлгөнү айтылат.

Киевде жана бир катар аймактарда түн жарымында бир нече саатка созулган аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланган.

Башкы штабдын маалыматына караганда, украин күчтөрү акыркы 24 саатта орустардын 114 чабуулунун мизин кайтарды. Бахмут шаары үчүн салгылаш уланууда.

Зеленский 22-мартта кагылышуунун очогу болгон Бахмутка чукул барып, украин жоокерлери менен жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG