Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

"Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин иш башкармалыгына өтөт


“Асман” шаары курулат деген баштапкы жер. Ысык-Көл.
“Асман” шаары курулат деген баштапкы жер. Ысык-Көл.

"Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтөт. Тийиштүү чечим 22-мартта Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен шаар куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга багытталган.

Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлктөрү “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна убактылуу (15 жылдык мөөнөткө) акысыз пайдаланууга берилди. Бул чечим токтоп турган ишканалардын ишин жакшыртып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берери маалыматта белгиленген.

Мындан сырткары “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартибин бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Муну менен “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кытайга товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөрү, Түркия, Орусия, Беларус, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлорун тарта турганы айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйында 13 маселе каралды.

Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун 2021-жылдын жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса, экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экенин эскертишкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG