Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Чек ара чырында каза болгон жоокердин үй музейи ачылды


Маркум Даниэлбек Малашовдун үй музейи.
Маркум Даниэлбек Малашовдун үй музейи.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2022-жылы сентябрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 22 жаштагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үй музейи ачылды. Анын ысымы эки көчөгө да берилди.

Музейде Даниэлбек Малашовдун балалык чагы, жогорку окуу жайдагы жана чек арадагы кызмат учурундагы сүрөттөрү менен кийимдери, колдонгон буюмдары коюлган.

Малашов үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу, эжеси жана карындашы бар. Аскердеги мөөнөтү былтыр 11-сентябрда аяктаган. Ага үйүнө кайтууга буйрук чыгып, камданып жатканда чек арада жаңжал чыгып кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта анын белине, башына ок тийген. Даниэлбек Малашов Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылында 1998-жылы туулган. 2021-жылы Баткендеги №2022 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө барган.

Былтыр 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG