Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Дүйнөлүк бактылуулук индекси: Кыргызстан эки сапка көтөрүлдү


Нооруз майрамында бийлеп жаткан балдар. 21-март, 2023-жыл. Бишкек.
Нооруз майрамында бийлеп жаткан балдар. 21-март, 2023-жыл. Бишкек.

Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнөлүк бактылуулук индексинде” Финляндия бул жылы да биринчи орунду ээледи. Андан ары Дания, Исландия, Израил жана Нидерланд алдыңкы бешилтикти толуктайт.

Рейтингге катышкан 137 өлкөнүн ичинде Кыргызстан 62-орунду алып, бир жыл мурдагыдан эки сап алдыга чыкты. Борбор Азиядан Казакстан 44, Өзбекстан 54, Тажикстан 80-орунда турат.

Алдыңкы жыйырмалыкта негизинен Европа мамлекеттери, Австралия, АКШ жана Канада бар.

Индекстеги мамлекеттердин ичинде эң акыркы орунду Ооганстан ээледи.

Улуттар Уюму 20-мартта белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк бакыт күнүн утурлай 2012-жылдан бери “Бактылуулук индексин” жарыялап келет. Аны түзүүдө негизги критерий катары өлкөдөгү социалдык шарттар, мамлекеттин камкордугу, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн деңгээли, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынган. Акыркы беш жылдан бери Финляндия биринчиликтен түшпөй келет.

2011-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, өлкөлөрдү өз элинин бактылуулугун баалоого жана аны саясатта эталон катары колдонууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG