Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Украин күчтөрү акыркы бир суткада 120дан ашуун чабуулдун мизин кайтарды


Украиналык аскерлер. 15-март, 2023-жыл.
Украиналык аскерлер. 15-март, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы бир суткада Орусиянын 120дан ашуун чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.

Киевдин маалыматына караганда, орус аскерлери Бахмут, Авдеевка, Маринка, Лиман жана Шахтерск багыттарында алдыга жылып баратат.

Башкы штаб Купянск жана Лиманда орустардын украин армиясынын коргонуусун жырып өтүү аракети ийгиликсиз болгонун белгиледи.

Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланууда.

Ал тапта Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянуу менен жакынкы апталарда Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюмунун катарында согушкан миңдеген соттолгондорго ырайым берилерин билдирди. Москвадан буга азырынча комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG