Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилешти


Нооруз майрамын утурлай уюштурулган иш-чараны диаспора өкүлдөрү жана студенттер уюштурушту.
Нооруз майрамын утурлай уюштурулган иш-чараны диаспора өкүлдөрү жана студенттер уюштурушту.

18-мартта Германиянын Мурнау шаарында окуп, иштеген кыргызстандыктар жергиликтүүлөргө Кыргызстандын туризм тармагын, маданиятын жана улуттук тамак-аштарын таанытышты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин алдындагы Миграция боюнча кеңештин Германиядагы өкүлү Бермет Абдрахманова билдирди.

Нооруз майрамын утурлай уюштурулган иш-чарада диаспора өкүлдөрү жана студенттер конокторго Кыргызстандын туризм потенциалын айтып берди. Концерттик программа менен аяктаган кечеге ондогон мурнаулуктар катышканы кабарланды.

Кыргызстандыктар Ноорузду Германиянын борбору Берлин шаарында да майрамдашты.

Расмий эсепте Германияда 10 миңге жакын кыргызстандыктар жашап иштейт.

Учурда бул өлкөдө ондон ашык кыргыз диаспоралык уюмдары түзүлгɵн. Алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга ɵз жардамын берип келет. Алар ар кандай майрамдарда чогулуп, маданий, билим берүү жана спорттук иш-чараларды уюштуруп турушат. (ElB)

XS
SM
MD
LG