Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Путин согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө ачык экенин айтты


Си Цзинпин менен Владимир Путин. 20-март, 2023-жыл.
Си Цзинпин менен Владимир Путин. 20-март, 2023-жыл.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде бейформал жолугушуу өткөрдү.

Синин Орусияга визити Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого ордер бергенден үч күндөн кийин жасалды.

Путин сүйлөшүүнүн башында Сини Кытайдын төрагалыгына кайра шайланышы менен куттуктап, Орусия менен Украинанын согушун токтотуу боюнча Бээжиндин сунушун кылдат талдап чыкканын билдирди. Ал орус бийлиги сүйлөшүү процессине ачык экенин белгиледи.

Си Цзинпин Кытайдын төрагасы болуп кайра шайлангандан кийинки биринчи эл аралык сапарын Орусияга жасаганын айтты. Ал келерки жылы Орусияда президенттик шайлоо өтөрүн эске салып, “орусиялыктар жакшы аракеттериңиз үчүн сизди колдойт деп ишенем”, - деди Си.

Си Цзинпиндин Орусиядагы сапары 22-мартка чейин уланат. Расмий сүйлөшүүлөр 21-мартта өтүп, жеке жана кеңири форматта жолугушуулар болот.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Си Цзинпиндин Москвага сапары орусиялыктардын Украинадагы кылмышы үчүн Кытай “дипломатиялык калканыч” даярдап жатканын көрсөткөнүн айтты.

“Төрага Синин Эл аралык кылмыш соту президент Путинди кармоого ордер бергенинен бир нече күндөн кийин Орусияга сапар менен барышы Кытай Кремлди Украинадагы мыкаачылыгы үчүн жоопко тартуунун эч кандай жоопкерчилигин сезбей, анын ордуна Орусиянын кылмыш кылуусун улантуу үчүн Кремлге дипломатиялык калканычты камсыздап жатат", - деди Блинкен.

АКШ Си Цзинпин Путин менен жолугушуусунда Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну, анын ичинде орус аскерлерин толук чыгарып кетүүнү жактайт деп үмүттөнөт.

“Кытай мунун ордуна орус күчтөрүн эгемен Украинанын аймагында калтыруу үчүн ок атышууну токтотуу чакырыктарын кайталайт деп тынчсызданып жатабыз”, - деди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби.

Батыштын бир катар маалымат каражаттары жыл башынан бери кытай бийлиги Москвага түрдүү курал-жарактарды, анын ичинде учкучсуз аппараттарды, артиллерия жана ок-дарыларды берүү маселесин карап жатканын жазышкан.

Февралда Энтони Блинкен Бээжин бул кадамга бара турган болсо, олуттуу кесепеттерге дуушар болорун эскерткен. Кийин Кытай Украинадагы согушта нейтралдуу позицияны карманарын жана эч кайсы тарапка курал-жарак сатпай турганын билдирген.

Кремль буга чейин Путин менен Си жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Бээжиндин сунушун талкуулай турганын да ырастаган. Синин Мосвкага сапары алдында Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк италиялык прессага курган маегинде Кытайдын согушту токтотуу боюнча сунушун сынга алган.

Анын айтымында, кытай планы Орусиянын кызыкчылыгын коргойт жана согушту токтотуу орус күчтөрүнүн Украинанын аймагынан толук алып чыгып кетүү менен гана ишке ашат. Кытайдын бул сунуштары Украинага эмес, Орусияга көбүрөөк пайдалуу экенин буга чейин АКШ менен Евробиримдик да билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG