Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Нооруз: президент өлкөдө өнүгүү көчү башталганын билдирди


"Ала-Тоо" аянты. Бишкек шаары. 2023-жыл.
"Ала-Тоо" аянты. Бишкек шаары. 2023-жыл.

21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Анда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап, бул эзелтен келаткан, ынтымакка үндөгөн күн экенин белгиледи.

Ал куттуктоосунда буга чейин коомдо саясат менен алектенгендер көп болуп, улуттук экономикага маани берилбей келгенин айтты.

Ар бир президент өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өзүнөн мурдагы бийликти айыптап келгенин, мындай көрүнүштү токтотуу керектигин да белгиледи.

Президент заман ыкчам өнүгүп жатканын, мындай учурда Кыргызстан жаңыча ойлонуп, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушу зарыл экенине токтолду.

“Эки жылдан бери өлкөдө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз буюрса, дагы да түзөлөт”, - деди Жапаров.

Президент экономикалык кыйынчылыктарга карабай өлкөдө социалдык тармактагы кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөнүн, коопсуздук жагына көңүл бурулганын кошумчалады. Дипломатиялык жаатта ийгиликтер бар экенин, инвестициялык климат жакшырып жатканын белгиледи.

Ал Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоону улуттук эң башкы маселелердин бири катары санап, облустагы социалдык маселелер чечилип жатканын, бул жааттагы иштер аягына чыгарын айтты.

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп жатат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG