Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Жалал-Абад: Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курула баштады


Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун үч кабаттуу имаратынын курулушу башталды. 20-мартта имараттын пайдубалына капсула салынганын мэриядан билдиришти.

Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун азыркы имараты Жалал-Абадда 75 жыл мурда салынган эски ооруканалардын бири. Аны жаңылоо талабы коомчулукта көптөн бери айтылып келаткан.

Аталган борбордун 96 орунга ылайыкташкан жаңы имаратын быйыл октябрда бүткөрүү пландалган.

Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору сегиз бөлүмдөн турат. 320 бейтап жата турган ооруканада 250 медкызматкер иштейт. Борбор 1948-жылы салынган, жылына 200дөй бейтап дарыланат.

Республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка Жалал-Абад шаарында жалпы 13 ири долбоор ишке ашырылат деп айтылган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG