Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Президент Жапаров чек араны тактоо ишин аягына чыгарарын билдирди


Баткен району. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен району. Кыргыз-тажик чек арасы.

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү жана Баткен облусун калыбына келтирип, коопсуздукту камсыздоо - эң башкы улуттук маселе экенин белгиледи.

Ал чек ара аймагында жашаган элдин социалдык көйгөйлөрү четинен чечилип жатканын айтты.

“Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт”, - деп Баткенде айткан каалоо-тилектерде кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз дегенбиз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз”,- деди президент.

Президент Садыр Жапаров былтыр Нооруз майрамын Баткен шаарында тоскон.

Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ чек араны тактоо үчүн ай сайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Былтыр декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып, акыркы эки жылдан бери эң ири куралдуу кагылыштар катталды.

Былтыр 14-17-сентябрда болгон куралдуу кагылышта Кыргызстан 63 жаранынан айрылган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG