Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Көк бөрү: 1-лигада “Жаштык” командасы жеңүүчү болду


Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште 1-лигада жеңүүчү болгон Жалал-Абаддын "Жаштык" командасы. "Ак-Кула" ат майданы. 21-март, 2023-жыл.
Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште 1-лигада жеңүүчү болгон Жалал-Абаддын "Жаштык" командасы. "Ак-Кула" ат майданы. 21-март, 2023-жыл.

Нооруз майрамына арналган Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 1-лигасында Жалал-Абад облусунун “Жаштык” командасы жеңүүчү болду.

Финалдык оюн бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өтүп, жалал-абаддыктар Бишкектин “Четинди” командасын 7:2 эсебинде утуп алды.

Көкбөрү: "Четинди Бишкек" - "Жаштык" (Финал. 1-Лига)

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш төрт лигада өтүп жатат. Кечээ, 20-мартта 2-лигада Бишкектин “Көк-Жал” командасы Чүйдүн “Кара-Балтасын” 5:1 эсебинде утту. 40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы “Сары-Өзөндү” 4:3 эсебинде жеңди. Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы менен Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы финалда беттешет.

Кечээ, 20-мартта аталган лигада Оштун “Достук” командасы Таластын “Алтын-Алянс” командасын 11:3 эсебинде утуп, коло байге алган. “Ынтымак” менен “Сары-Өзөндүн” финалдык беттеши саат 16:30да башталат. Оюнду түз эфирде "Азаттыктын" Ютубдагы каналынан көрсөңүз болот. Ага чейин "Ак-Кула" ат майданында ат чабыш, салбуурун, ат оюндары, кыргыз күрөш баштаган улуттук оюндар болот.

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш быйыл алгачкы жолу төрт лигада өттү. Ага жалпы 37 команда катышты. 2-лиганын оюндары быйыл негизделди. Мелдештин байге фонду 7 миллион сом экендиги айтылууда. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG