Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюндары өтүүдө


Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш "Ак-Кула" ат майданында өтүүдө.
Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш "Ак-Кула" ат майданында өтүүдө.

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдештин финалдык оюндары "Ак-Кула" ат майданында бүгүн, 20-мартта башталды.
Экинчи лигада 1-орунду Бишкектин "Көк-Жал" командасы жеңди. Алар финалда Чүйдүн "Кара-Балтасын" 5:1 эсебинде утуп алды.

3-орун үчүн беттеште “Кетмен-Төбө” командасы “Ак-Илбирсти” 9:4 эсебинде жеңди.

"Көк-Жал" - "Кара-Балта" / II лига / Финал. 20-март, 2023-ж.


Алдыда 40 жаштан жогоркулар арасында баш байге үчүн “Сары-Өзөн” менен “Жети Дубан” командалары ойнойт.

Эртең, 21-мартта Жогорку лигада жана Биринчи лигада финалдык оюндар болот.
Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы менен Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы финалда беттешет. Кечээ, 19-мартта болгон жарым финалдык оюндарда "Ынтымак" - "Достук" командасын 5:1, “Сары-Өзөн” - “Алтын-Альянсты” 7:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алышкан.

3-орун үчүн беттеште Ош облусунун “Достук” командасы “Алтын-Альянсты” (Талас) 11:3 эсебинде утту.

5-6-орунга "Мурас" менен "Ак-Шумкар" (4:3) командалары ойноду. Акыркы орунду алган "Ак-Шумкар" Биринчи лигага түшөт. 1-лиганын жеңүүчүсү Жогорку лигага жолдомо алат.

Биринчи лигада 1-орун үчүн “Четинди” (Бишкек) менен “Жаштык” (Жалал-Абад) беттешет. 3-орун үчүн "Намыс" менен "Ийгилик" ойнойт.

Финалдык оюндарды түз эфирде КТРК Спорт каналы көрсөтүп жатат.
Быйыл көк бөрү боюнча оюндар алгачкы жолу төрт лигада өтүп, ага 37 команда катышты. 2-лиганын оюндары быйыл жаңы түзүлдү.

“Ак-Кула” ат майданында ат оюндары 2019-жылдагы Нооруз майрамынан бери өтпөй келген. Ага ипподромдун талапка жооп бербегени себеп болгон. (GT/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG