Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Кара-Жыгачта мыйзамсыз делген электр мамылары, жолдор буздурулду


Мыйзамсыз делген электр мамыларын бузуу иши.
Мыйзамсыз делген электр мамыларын бузуу иши.

Чүйдө 64,5 гектар жерди ээлеп алууга шектелип жаткан адам курду деген 98 электр мамысы зымдары менен кошо, төрт контейнер жана жолдор буздурулуп, аянт мурдагы калыбына келтирилди. Бул тууралуу 20-мартта Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 19-мартта ал жерге облус жетекчилиги жана милиция кызматкерлери барып, мамылар менен контейнерлер сотко далил катары көрсөтүш үчүн Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында башкалардын жерин басып алып, сатып жаткан деген шек менен бир адам кармалганын 10-мартта облустук милиция билдирген. 53 жаштагы шектүү бир айга камакка алынган. Ал башкаларга таандык жер тилкелерин ээлеп алып, айыл чарба багытындагы жер аянттарына жол салып, электр зымдарын тартып, жалпысынан 64,5 гектар жерди төрт соткадан бөлүп, там салуу үчүн сатып жаткан деп шектелүүдө.

Ага каршы арыз менен милицияга Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы кайрылган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин “Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу” беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Ал киши өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү” токтомун бузган деп айыпталууда.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG