Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Бажычылар иши: Коррупцияга каршы күрөшпү же эки органдын тирешиби?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкерин Кытайдан мыйзамсыз товар ташыган туруктуу схеманы түзгөн деген шек менен кармады. Алардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тууганы экени белгилүү болду. Бул жагдай эки органдын тиреши тууралуу талкууларга жем таштады.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурордун кайниси бар экенин ырастап, бирок ич ара тиреш тууралуу айтылгандарды четке какты. Башкы прокуратура тараптан комментарий боло элек.

"Кармалгандардын бири - баш прокурордун кайниси"

УКМК Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалганын 18-мартта жарыялады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, коррупциялык схема түзгөн деп шек саналууда:

"Айрым компаниялар Бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турган. Бирок товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу автоунаалар Өзбекстанга кирип турган", - деп жазылган маалыматта.

Кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. УКМКнын маалыматында булардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экени жазылып, бирок эч кимдин ысымы ачык аталган, инициалдары да берилген эмес.

"Белгилей кетсек, кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар", - деген маалымат айтылган жана бул кылмыш иши УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү менен каралып жатканы белгиленген.

Кийинчерээк сөз башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси тууралуу жүрүп жатканы белгилүү болду.

19-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын бири Зулушевдин карачечекей кайниси экенин ырастап, бирок экөөнүн ортосунда кайчы пикирлер бар деген маалыматтарды четке какты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Мени менен Курманкул Зулушевдин ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок. Биз мыйзам чегинде, өз милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Биз эки күндөн бери бажыдагы чоң коррупциялык схеманын бетин ачтык. Анын негизинде сегиз адамды кармадык. Алар бажыда иштегендер, жүктөрдү каттагандар жана жүк ташыгандар. Кытайдан Өзбекстанга жүк ташып өткөргөндө чоң коррупциялык схема иштеп турган. Бюджетке алдын ала эсепке ылайык 1 миллиард сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Кармалгандардын арасында Зулушевдин бир тууган кайниси бар экени чындык. Ал азыр башка кармалгандар менен кошо көрсөтмө берип жатат. Бул ишке башкы прокурордун эч кандай тиешеси жок”.

Ташиев да сөз болуп жаткан адамдын ысымын атаган жок. Ал Бажы кызматында иштейби же жеке компаниянын өкүлүбү азырынча белгисиз. Мындан тышкары ал жездеси баш прокурор болгондон кийин бажы тармагына келгенби же ага чейин эле иштеп жүргөнбү деген суроолор да ачык бойдон турат.

Камчыбек Ташиев буга чейин президент Садыр Жапаровдун агасынын бажасы, өзүнүн өкүл баласы мыйзамсыз иштерге барганы аныкталганда тиешелүү жазасын алганын айтып, муну УКМКнын таза, эч кимге тартпаган ачык иши катары сыпаттады.

"Кайсы мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилердин жакындары коррупцияга жол берсе же мыйзам бузса, жоопко тартылат", - деди ал.

Баш прокурор Зулушевдин өзү жана ал жетектеген орган азырынча комментарий бере элек.

Эки жетекчинин тирешиби?

Интернет колдонуучулар, маалымат каражаттарынын арасында муну эки органдын тиреши, таасир талашы катары сыпаттагандар чыкты.

Кыргызстандан күчтөп чыгарылып, азыр Орусияда жашап жаткан иликтөөчү журналист Болот Темиров эки жетекчи бири-бири менен тирешип жатат деген ойдо:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Былтыр биз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар коррупциялык схеманы ачыкка чыгарганда Ташиев ал тууралуу иш да ачкан жок, иликтөө да кылган жок. Ошондуктан, бул көрүнүштү УКМКнын коррупцияга каршы чыныгы күрөшү эмес, бийликте отургандардын бири-бири менен тиреши деп ойлойм".

Былтыркы жылдын башында журналист өзүнүн Temirov LIVE деп аталган YouTube каналына “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган. Ошондон кийин Бишкек милициясы ага Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк ага карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бул иштердин негизинде жүргөн соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында Темиров былтыр ноябрдын аягында Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында "коррупциялык схемалар ачыкталууда, ага тиешеси бар кызматкерлер, анын ичинде баш прокурордун кайниси да кармалды" дегендер, муну бийликтин коррупцияга менен күрөшү катары баалагандар да бар.

Коррупция жана саясат маселелери боюнча талдоочу Эркайым Мамбеталиева кармоо, камоолор менен бажыдагы коррупцияны жоюуга мүмкүн эмес деп эсептейт:

Эркайым Мамбеталиева
Эркайым Мамбеталиева

"Камоо менен коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат деп айтууга болбойт. Мисалы, декларация. Жалпы дүйнөдө декларация - коррупция менен күрөшүүнүн бир жолу. Бизде декларацияга формалдуу түрдө мамиле жасалат. Жаап-жашыруу, толтурулуп жаткан декларациялар чыныгы абалды көрсөтпөйт. Бирок мамлекеттик кызмат мыйзамы, коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамы бузулуп жатат деген эч ким жок. Бийлик, күч органдары тарабынан эч кандай көзөмөл көрүнбөйт. Муну менен бизде коррупциянын алдын алуу чаралары көрүлбөйт деп айтууга болот. Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин алдында "Коррупциянын тобокелдиктеринин алдын алуу" боюнча толтура талдоо жүргүзүлгөн. Ошолордун натыйжасында берилген сунуштар кайда деген суроолор жаралат. Макул, бүгүн беш кишини кармаптыр, эртең алардын ордуна башкалары барып, кайра эле схеманы уланта берет".

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялашкан органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1,5 миңдей кишинин жарымы бажыны коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

"Коррупциялык схема азайды"

Бажы кызматынын жетекчилиги мекемеде коррупция азайганын белгилеп келет. Мекеменин төрагасы Самат Исабеков 9-мартта "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берген учурда тармакта системалуу түрдө мурдатан бери түзүлгөн коррупциялык схемалар жок деп айтканы талкууга түшкөн.

Самат Исабеков
Самат Исабеков

"Коррупцияны такыр кыскарта албасак да, колубуздан келгенин жасап атып, болушунча азайта алдык. Мурдатан бери келе жаткан коррупциялык схемалардын шарты менен келе жаткан коррупциялык тараптар азайды. Коррупциялык укук бузуларга каршы иштөө боюнча атайын башкармалык бар. Анын ишинин жыйынтыгында ички текшерүү жана башка аракеттердин натыйжасында 117 кызматтык иликтөө, 48 кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, төрт прокурордук чара көрүү актысы каралган. Натыйжада 11 бажы кызматкери кызматтык тартипке чакырылып, тиешелүү кызматкерлердин айрымдарына сөгүш, кээ бирлерине катуу сөгүш берилген. Үч кызматкер иштен бошотулган. 2022-жылы 11 факты боюнча ИИМге эки, Башкы прокуратурага жети, УКМКга жети факты өткөрүлүп берилген", - деген Исабеков.

Самат Исабеков 2021-жылы 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, ошол эле жылы 26-октябрда кызматтан алынган. Ортодо мекеменин башчысы кармалган соң 2022-жылдын январында бул кызматка кайрадан бекилген. Быйыл февралда президент Садыр Жапаровдун жардыгы менен “бажы кызматынын генерал-майору” наамын алган.

Бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулук назарында турат. Бул темада журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган.

Ушул айдын башында Борбор Азияда мыйзамсыз жүк ташуу империясын түзгөнү айтылган жана жогоруда аталган иликтөөлөрдө аты аталган чуулгандуу ишкер Хабибулла Абдукадырга тиешеси бар компаниялар Бишкекте ири мейманкана жана мечит сала турганы ачыкка чыгып, ар кандай талкууларды жараткан.

Абдукадырдын ысымы элге бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөлөрдөн кийин белгилүү болгон. Курулушту баштоо иш-чарасында Хабибулла Абдукадыр менен президент Садыр Жапаровдун катарлаш жүргөнү коомчулукта ар кыл пикирлерге жем таштады.

Президент Жапаров Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны "өлкөгө акча салган инвестор" деп атаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG