Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

"Абдукадырга окшогондор өзүн мыйзамдаштыргысы келет"


Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.

Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкер Кыргызстанга жүз миллиондогон доллар инвестиция салары белгилүү болду. Бизнесмендин аты кыргыз коомчулугуна анын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу “Азаттык”, OCCRP жана Kloop жүргүзгөн иликтөөдө белгилүү болгон.

Иликтөөчү журналист Элдияр Арыкбаев Хабибулла Абдукадыр тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сиз жогоруда сөз болгон иликтөөгө түздөн-түз катышкан журналист катары Хабибулла Абдукадыр Кыргызстанга ири көлөмдөгү инвестиция салуу тууралуу кабарды кандай кабыл алдыңыз?

OCCRP уюмунун иликтөөчү журналисти Элдияр Арыкбаев.
OCCRP уюмунун иликтөөчү журналисти Элдияр Арыкбаев.

- Биринчиден, Абдукадыр жөнүндө бир нече жагдайларды билүүбүз керек. Биринчиси, ал байлыгынын кайсы бир бөлүгүн Кыргызстандын паракор чиновниктери жана Кыргызстан аркылуу өткөн Кытайдын контрабанда товарларынын эсебинен тапкан. Сиз айткандай, бул иштердин баарына жол берген чиновниктердин эң таанылганы - Райымбек Матраимов болду. Ал Кыргызстандын сотунун өкүмү менен айыптуу деп да табылган, АКШнын санкцияларына да илинген.

Экинчиден, Абдукадыр аткезчилик жол менен тапкан каражаттарын Айеркен Саймаитинин схемалары менен адалдап келген. Ал [Айеркен] өлгөнгө чейин көп нерселерди, анын ичинде алардын кылмыштуу иштеринин аки-чүкүсүнө чейин айтып берүүгө үлгүргөн. Абдукадыр адалдаган акчасын батыштагы ар кандай кыймылсыз мүлк объектилерине салган. Матраимов менен Дубайда да биргелешкен долбоор болгону эсибизде.

Азыр эми Абдукадыр президент Жапаровдун жанында ачык эле пайда боло калганы көп суроолорду жаратты. Биринчи суроо, эмне себептен азыркы бийлик Абдукадырдын каражатынын мыйзамдуулугуна кызыгып көргөн эмес. Бул боюнча иштин материалдары да, биз таап чыккан коомчулукка белгилүү болгон фактылар да бар. Өткөндү оңой эле унутуп коюп же аны үзүп салып, "келгиле, баарыбыз элдешип, бири бирибизди кечирип, жаңыча жашайлы" деп айтуу болбойт. Мыйзамдар антип иштебейт. Эгер мыйзамдар ошондой принцип менен иштесе, анда ар кандай кылмыштарды мыйзамдаштырууга жол ачылмак. Бул уруп-согуп, өлтүрүп, зордуктап же уурдап, кийин "эмнеге таарынып жатасыңар, келгиле жаңы улуу мамлекет курабыз" деп койгонго барабар. Андай болбойт.

Президенттин ниети түз экени көрүнүп турат, аны өзү да айтып жатат, бирок тарых менен да эсептешүү зарыл. Азыр жарандардын көз карашын жана кабылдоосун өзгөртүү аракети болуп жатат. Мурда контрабанда менен алектенген, арам акчаны адалдап жүргөн Абдукадырды таанысак, азыр бай инвестор, атүгүл кадыр-барктуу Абдукадыр пайда боло калды.

Кыргызстандан миллиондорду чыгаруу схемасы кантип иштеген?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:15 0:00

- Хабибулла Абдукадыр бизнес империясын кандайча курган жана Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кыргыз бажысында түзгөн коррупциялык схемада анын ролу кандай эле?

- Абдукадыр – эл аралык логист, көмүскөдө иштеген ири жүк ташуучу империянын ээси. Ал көптөгөн жылдар бою кыргыз аткаминерлеринин, тагыраак айтканда кыргыз бажычыларынын жардамы менен Кыргызстандын чек арасы аркылуу Кытайдан келген товарларды башкалардан кыйла төмөн бажы төлөмдөрдү төлөп, ташып өтүп жүргөн. Ошентип ал жүк ташуу тармагындагы монополистке айланып, рыноктогу башка оюнчуларды сүрүп чыгарган. Жүк ташуу менен алектенген башка ишкерлер ага нааразы боло башташкан. Абдукадыр Кытайдан өткөн контрабанда агымынын эсебинен байыган. Кыргыз бажычылары менен карым-катнашың жакшы болсо, жүктөрдү алда канча азыраак төлөм менен ташууга болору айдан ачык эмеспи.

- Өлкө бийлиги жарыялаган инвестициялар азыр социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Айрымдар президенттин позициясын колдоп, инвестициянын келип чыгышы эмес, анын өзү маанилүү деп айтышууда. Башкалар муну акчаны адалдоо аракети деп түшүнөрүн айтууда. Хабибулла Абдукадырдын инвестициясы тууралуу кеп козгогондо эмнеге көңүл буруу зарыл?

- Келип жаткан каражаттардын адалдыгына карабасак, баңгизат, героин сатуу сыяктуу мыйзамсыз иштерге аралашкан башка көптөгөн кылмышкерлердин келүүсүнө да жол ачып коюшубуз мүмкүн. Каражаттын келип чыгышына кылдат көңүл буруу керек экени айтпаса да түшүнүктүү. Абдукадырга окшогондор өздөрүн мыйзамдаштыргысы келет. Буга чейин алар кандайдыр бир көмүскө иштер менен алектенип келишкен, эми мартабалуу инвестор катары көрүнгүсү келет. Ошентип, алар мурдагы айыбынан арылып, жашоону жаңыдан баштоого аракет кылышууда. Бирок жогоруда айткандай, өткөндү унутпоо керек, мыйзам чегинде иш кылуу керек.

- Хабибулла Абдукадыр Кыргызстанга эбегейсиз чоң инвестиция салуу менен кандай максатты көздөшү мүмкүн? Анын ордуна кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн деп болжолдоого болобу?

- Президенттин сөзүн кунт коюп окуп же угуп көрсөңүз, инвестиция тартып келген инвесторлор салыктан жана бажы төлөмдөрүнүн айрым түрлөрүнөн жеңилдиктерди алаары айтылды. Балким кызыкчылыктардын бири дал ушул жерде жаткандыр.

- Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, комплекстин курулушун "Feb group" ЖШС, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана "Гурголи" курулуш компаниялары жүргүзөт. Буга чейин OpenDemocracy Абдукадырдын үй-бүлөсү Германияда катталган Hyper Partners компаниясы менен байланышы бар экенин жазып чыккан. Бул компаниялар тууралуу маалыматыңыз барбы? Алар сиздин иликтөөлөрүңүздө көрсөтүлгөнбү?

- Сиздин сурооңузга мындайча жооп берейин. Иликтөөчү журналисттер дайым бир нерсенин үстүнөн иштеп жүргөн болот. Ал эми кээ бир ысымдар же компаниялардын аты ачыкка чыккан кезде, алар эч качан биздин көз жаздымда калбайт.

- Сизден жогоруда аталган компаниялар боюнча же Абдукадырга байланыштуу жаңы иликтөөлөрдү күтсөк болобу?

- Балким (күлүп), мен сиздин бул сурооңузга кандай болбосун, жооп бере албайм. Иликтөө жүрүп жаткан учурда да мен сизге эч нерсени ачыктай албайм. Эгер иликтөө болбосо, анда да эч нерсе деп айта албайм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG