Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Саймаитинин өлүмү: Стамбулда үч киши өмүр бою абакка кесилди


Стамбулда Айeркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.
Стамбулда Айeркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.

Cтамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү үч киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

28-февралда Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жети жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу 1-мартта түркиялык "Демирөрен" кабар агенттиги көлөмдүү макала жарыялады.

Макалада айтылгандай, сот айыпталуучу Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Барготту "Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган" деген берене менен өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

Айыпталуучу Хусейн Ахметалиев (солдо) жана Абдулла Энвер (оңдо). Түркиядагы "Сабах" гезитинен скриншот.
Айыпталуучу Хусейн Ахметалиев (солдо) жана Абдулла Энвер (оңдо). Түркиядагы "Сабах" гезитинен скриншот.

Прокурордун айыптоо коорутундусунда Айеркен Саймаитинин кытай жана украин жарандыгы бар экени, анын өлүмү тууралуу олуттуу деталдар иликтенгени айтылат. Тергөөдө Саймаитини өлтүргөн шектүүлөр "Дамаскты боштондукка чыгаруу" кыймылы деп аталган уюмга баш ийген "Катиба Таухид вал-Жихад" деген террордук уюмга мүчө экени аныкталган. Бул топ Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарынан турганы жана Сириянын Идлиб аймагында иш алып барганы баса белгиленген.

Айыпталуучулар мүчө делген "Дамаскты боштондукка чыгаруу" кыймылы мурда Аль-Каида жана Ислам мамлекети тобу (ИГИЛ) менен тыгыз байланышта болгондугунан Түркияда террордук уюм катары кабыл алынган.

Сотто айыпталуучулар Хусейин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Айеркен Саймати менен мурда тааныш болбогонун айтышкан.

Абдулла Энвер Саймаитинин көзүн тазалоо үчүн окуядан 45 күн мурда Идлибде Адем деген киши менен жолукканын, ал ага "каапырды өлтүрөсүң" деп 1500 доллар бергенин, буюртма аткарылгандан кийин 100 миң доллар убада кылганын айтып берген. Айыпталуучу Энвер суракта айткан "үн өчүргүч тапанча менен Саймаитини өлтүргөм" деген сөзүн сотто да моюнуна алган.

Саймаити киши колдуу болгон Стамбулдагы кафе. 10-ноябрь, 2019-жыл.
Саймаити киши колдуу болгон Стамбулдагы кафе. 10-ноябрь, 2019-жыл.

Дүйшөмбүдө сот залына жеткирилген Хусейин Ахметалиев болсо "Абдулланын киши өлтүрөрүн билген эмесмин. Ал жерге акчамды алам деп барды. Мен котормочу болуп иштегем. Анткени арабча билем, бул окуяга абдан өкүнөм, бошотулушумду талап кылам” дегени менен сот аны оор берененин негизинде өмүр бою абакка кести.

Ал эми дагы бир айыпталуучу Самер Баргут каргашалуу окуя болгон күнү киши өлтүрүү боюнча эч кандай маалыматы жок экенин айтты.

"Айдоочулардын атайын Whatsapp группасы бар. Мен ал жерде кардарларга такси таап берип, акча табам. Мен айыпталуучуларды мурда такыр көргөн эмесмин. Телефон менен гана сүйлөшкөм".

Сот Самер Баргутту "Aтайлап киши өлтүрүү" беренеси менен өмүр бою эркинен ажыратканы кабарланды.

Ошондой эле сот Энвер менен Ахметалиевге да "атайлап адам өлтүрүү" жана "куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү" беренеси боюнча 500 миң лира (36 миң доллардын тегерегинде) өлчөмүндө айыппул салды.

"Террордук уюмга атайлап жана өз ыктыяры менен жардам берген" деген айыптын негизинде Али Исбех, Али Эл Хаж Али жана Ассад Элхатиб үч жылга кесилди.

Былтыр Стамбул шаардык соту Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири Нормахамат Арипхоновду бошоткон, бул жолу ага үч жыл абак мөөнөтү чегерилди.

Уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини 2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда атып кетишкен. Ал каргаша болгон жерге айдап келген машинеде Кыргызстандын Түркиядагы консулдугуна таандык "34 CC 2902" дипломатиялык номерин тагып жүргөнү аныкталган.

Стамбулда Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.
Стамбулда Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.

Саймаити өлгөндөн кийинки кылмыш ишин териштирүүлөр учурунда Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков менен Айеркен Саймаити жакшы мамиледе болгону билинген. Кийин Сопоков кызматтан алынып, Бишкекте Улуттук коопсуздук кызматына камалып, сурак берген.

Айеркен Саймаити “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү менен жасаган журналисттик иликтөөлөдө кыргыз бажысындагы трансулуттук коррупциялык схеманы жана аны бул мекеменин мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов калкалап турганын бетин ачып берген. Ал журналисттик иликтөөлөдө 700 млн. доллардын тегерегиндеги акчаны Саймаити бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарып тургандыгы тууралуу кеп болгон.

Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо (2019-жылдын 21-ноябры)

Көмүскө акча ташыгандар кербени (2019-жылдын 4-декабры)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG