Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Темиров соту: "жашыруун материалдардын" мазмуну белгисиз


Болот Темиров
Болот Темиров

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун сотунда күбөлөр сурала баштап, алгач баңгизатты аныктаган криминалист көрсөтмө берди.

Журналисттин жактоочулары Темировдун ишинде күбөлөрдүн айыптоо көрсөтмөлөрү “жашыруун материал” катары сотко өткөнүнө нааразы болушууда. Сот айыпталуучу тарапка жашыруун материалдардын бир нече барагы менен гана таанышууга уруксат берди.

“Жашыруун материалдардын” жарымына уруксат берилди

Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь 2022
Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь 2022

24-июндагы соттук отурумда жактоочулардын журналист Болот Темировдун ишиндеги “жашыруун материалдар” менен таанышуу өтүнүчүн, судья Акылбек Адимов жарым-жартылай канаатандырып, он бир барактын бешөөнү окууга уруксат берди. Журналисттин адвокаттары буга каршы болуп, жашыруун материалдарда тинтүүгө барган атайын даярдыктагы күч кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү камтылганын белгилеп, аларды ачыктоо зарыл экенин айтышты. Алар ишти карап жаткан Бишкектин Свердлов райондук сотунунун судьясы Акылбек Адимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, бирок жактоочулардын бул өтүнүчү канааттарылган жок. Адвокат Замир Жоошев айрым материалдардын мазмуну белгисиз экенин айтты.

“Тергөөчү көрсөтмө берген күбөлөрдүн аты-жөнү тууралуу маалымат алардын коопсуздугу үчүн жашыруун болуш керек деген чечим кабыл алыптыр. Башкача айтканда, мыйзамга ылайык, күбөлөрдүн коопсуздугу деген негиз менен алардын аты-жөнүн купуя сыр кылса болот. Бирок алардын көрсөтмөсү купуя болбошу керек. Бул жерде тергөөчүлөр туура эмес кылган. Жыйынтыгында көрсөтмөлөр менен таанышкан жокпуз. Тергөөчүлөр көрсөтмө менен тааныштырбаганын айтып, соттон "мүмкүнчүлүк бериңиз" деп сурандык. Тилекке каршы, судья мыйзамдын талабын аткарган жок. Эми биз айыптоочу тараптан кандай көрсөтмө болгонун билбей туруп, Болот Темировду коргоого аргасыз болобуз”, - деди Жоошев.

Мирлан Чечеев.
Мирлан Чечеев.

Ошентип, сот жараяны уланып күбө катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында криминалист болуп иштеген Мирлан Чечеев көрсөтмө берди. Ал январь айында Болот Темировдун кеңсесин тинтүү учурунда кесиптешинин өтүнүчү менен видео камера жеткиргени барган. Ошондой эле Темировдун ишинде журналисттин чөнтөгүнөн табылды делген маңзатка экспертиза жүргүзгөн. Криминалист ал баңгизат "кара куурай чайыры" (гашиш) деп аныкталганын билдирди. Чечеев тергөө учурундагы жана соттогу көрсөтмөлөрүндөгү айрым айырмачылыктарды “эсимде жок” деп түшүндүргөндөй болду.

Шектүү жагдайда табылган баңгизат

Судья Акылбек Адимов сот ишинде баңгизатты салып койгону же чын эле журналисттин чөнтөгүнөн табылганы талаш болуп жатканын кыйытып, криминалистке бир нече суроо узатты.

Акылбек Адимов: Сиз бул окуяны түшүнүп жатасыз да. Ошол арткы чөнтөгүнөн алынган зат боюнча сиздин “таптакыр катуу эмес, таптакыр жумшак эмес” дегениңизди түшүнгөн жокмун. Табылганда ал формасын жоготобу же төрт чарчы формада калабы?

Мирлан Чечеев: Эми аны атайын басканда формасын жоготушу мүмкүн. Мындай турганда формасын жоготпойт.

Судьядан кийин айыпталуучу Болот Темиров сөз алып, тактоочу суроо узатты.

“Мына мени көрдүңүз, 110 килограммын. Арткы чөнтөгүмдөгү ал зат формасын жоготобу?”

Мирлан Чечеев: Жумшак, пластилин катары болсо, формасын жоготушу мүмкүн. Эми мен так-даанасын билбейм. Менин оюмча, бир канча убакыт үстүндө отурса формасын жоготушу мүмкүн.

Баңгизатка байланыштуу айыпталып жаткан журналист Болот Темиров кылмыш иши козголгон алгачкы күндөн тарып эле тинтүү учурунда атайын даярдыктагы күч кызматкерлери анын чөнтөгүнө маңзат салып койгон деп айтып келет. Буга чейин ал өзүн "кармоо операциясын" иликтеп, шымынын арткы чөнтөгүнөн алынган төрт бурчтук заттын формасы бузулган эмес деп көрсөткөн.

Болот Темировдун видеосунан алынган сүрөт.
Болот Темировдун видеосунан алынган сүрөт.

Журналист Болот Темиров соттон чыгып буларга токтолду.

“Бул иште баңгизат маселеси маанилүү болуп жатат. Ошол жөнүндө суроолорду бердик. Элестетип көргүлө артымдагы чөнтөктө болсо, мен отурганда эч нерсе болбойбу? Сүрөттөрдөн караганда ал жаңыдай эле болуп турат”.

Кийинки сот отуруму 28-июнга белгиленип, соттук териштирүү мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Ал эми Болот Темировдун жашаган аймагынан чыкпоо бөгөт чарасы дагы ошол бойдон калды.

Чуулгандуу тасмадагы үн кимдики?

Ал ортодо Nurtilek деп аталган ютуб каналында чакан иликтөөлөрдү жарыялап жүргөн журналист Нуртилек Туратбек “Temirov Live” командасындагы журналисттерди каралаган тасмалардагы өзгөртүлгөн үндүн ээсин издеди. Ал “Регион” телеканалынын журналисттеринин башка репортаждардагы үндөрүн угуп чыгып, аларды өзгөртүп көргөн. Нуртилек Туратбек өз иликтөөсүндө ал тасмадагы үн “Регион” телеканалынын журналисти Алишер Асановго таандык болушу мүмкүн экенин айткан.

“Мен үчүн бул ошол эле үн. Тактап айтканда “Temirov Live” командасындагы журналисттер жөнүндө сүйлөгөн үн “Регион” телеканалынын журналисти Алишер Асановго таандык”.


"Регион" телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов муну “кезектеги калп жана адаттагыдай эле маалыматтык манипуляция” деп атап, анын кол астындагы кызматкерлеринин буга тиешеси жок экенин билдирди. Ал эми журналист Алишер Асанов Фейсбуктагы баракчасында дооматтарды четке каккан билдирүү калтырды.

“Так далили жок маалыматты чыгарып, жеке адамдын аброюна шек келтирип жатышат. Темировдун ызы-чуусу мындай турсун, ал адамдын өзүн да кыйратып тааныбайм, ишим дагы жок”, - деп жазды.

"Регион" телеканалы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылат. Телеканал жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына көпчүлүк учурда Ташиевге таандык билдирүүлөрдү жарыялап келет.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG