Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Иликтөөчү журналист Болот Темиров командасы менен ишин уланта турганын билдирди


Болот Темиров сот отурумдарынын биринде.
Болот Темиров сот отурумдарынын биринде.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына 2-февралда билдирүү жазып, өзү түптөгөн Темиров Live жана Айт Айт Десе командасы ишин уланта берерин билдирди.

Ал Кыргызстандын жараны экенин жана андан эч качан баш тартпаганын, өзүнүн жаранын өлкөдөн чыгаруу дүйнөлүк соттук тажрыйбада "нонсенс" экенин кошумчалады. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганын кайталады.

Болот Темиров былтыр 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган. Чечим ошол эле күнү ишке ашырылган.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн билдирип келет.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG