Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

УКМК "Керемет Банктын" иши боюнча Улуттук банктын мурдагы кызматкерин кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Керемет Банк" ачык акционердик коомуна байланыштуу иш боюнча Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 2-февралда кабарлады.

"УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштердин алкагында Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» мекемесинин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады. "Керемет Банктын" (мурдагы «Росинбанк») кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салуу менен көрсөтүп, өлкө казынасына мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген", - деп билдирет атайын кызмат.

УКМКнын маалыматында бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар тараптуу тергөө ыкчам иш-чаралары жүргөн. Натыйжада Улуттук банктын көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору, башкаруу тобунун мүчөсү Ж.Т. аттуу адам кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Башкы прокуратура былтыр декабрдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Иш козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон. "Керемет Банктын" иши боюнча 23-декабрда УКМКнын эки кызматкери кармалган.

"Керемет Банк" коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45 процентине 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган.

"Керемет Банк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG