Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

АКШ элчиси Кыргызстанда эркин медиалар көбөйүшү керектигин айтты


Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери сөз эркиндиги Кыргызстанды Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен өзгөчөлөнтүп турарын билдирди. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат порталына курган маегинде айтты.

“АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү (ред: Нед Прайс) буга чейин “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген. Сөз эркиндиги жана эркин ЖМКлар Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүнүн бири жана бул өлкөнү Борбор Азияда уникалдуу кылат. Көз карандысыз медиалар көбөйүшү керек”, - деди Вигери.

1-февралда “Клооп (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын билдирди. Портал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогонун кабарлады. Расмий катта бул материалда “жалган маалымат” берилгени белгиленген.

“Kлооп” бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазды.

Былтыр 26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленген.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG