Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Жети эл аралык уюм "Азаттык" жана сөз эркиндигинин абалы боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду


Медиа эркиндиги жана адам укуктары боюнча жети эл аралык уюм 31-январда "Азаттыкка" жана Кыргызстандагы журналисттердин абалына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган "Журналисттерди коргоо комитетинин" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) сайтына жарыяланган кайрылууда Кыргызстанда журналисттерге каршы репрессия жана эркин прессага кысым күчөгөнү, демократиялык нормалар бузулуп жатканы белгиленип, абалды талкуулоо үчүн кыргыз бийлиги менен жолугушууну өтүнүшкөн.

Кайрылууга кошулгандар “Азаттык” Кыргызстандагы эң популярдуу жана кадыр-барктуу маалымат агенттиги экенин белгилеп, ага каршы “негизсиз жана ашкере кадамдардын сериясы” уланып жатканы айтылат.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын анын коррупция тууралуу репортаждары үчүн өч алуу деп мүнөздөп, бул окуя кыргызстандык жана эл аралык ЖМКларды нес кылганын айтышты.

Next TV телекомпаниясы жана Kaktus.media басылмасы да журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана куугунтукка кабылганын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын жаңы варианты да сөз эркиндигине коркунуч жаратарын кошумчалашты.

“Сиз президенттик кызматка киришкенде Кыргызстан сөз эркиндиги бекем корголгон өлкө болот деп убада бергенсиз. Мурдагы саясий туткун катары сөз эркиндигин кысымга алуу канчалык зыян экенин жакшы түшүнөрүңүздү айткансыз. Жогоруда айтылган маселелерди, Кыргызстанда сиз убада кылган артыкчылыктуу багыттарды эл аралык милдеттенмелерге ылайык ишке ашырууну талкуулоо үчүн сиз жана сиздин администрациянын тиешелүү өкүлдөрү менен жолугууга өтө дилгирбиз” - деп айтылат кайрылууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианы” жабуу тууралуу арызы сотто 9-февралда каралганы жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG