Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

АКШ ирандык дрондор боюнча санкциялык тизмесине дагы жети компанияны кошту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Орусия Украинага чабуулдары үчүн колдонуп жаткан дрондордун өндүрүлүшүнө байланыштуу санкциялык тизмесине Ирандын жети ишканасын кошту. АКШнын Соода министрлиги 31-январда тараткан маалыматта айтылгандай, америкалык “кара тизмеге” кирген ирандык мекемелердин арасында “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун” аскердик-космостук күчтөрү үчүн авиациялык кыймылдаткычтарды өндүрүүгө байланышы бар ишкана, учкучсуз учактарга тетик чыгаруучу MADO компаниясы, "Шахед" жанкечти дрондорун өндүрүүгө катышкан Paravar компаниясы жана Shahed Aviation Industries ишканасы бар.

Америкалык тараптын маалыматына караганда, Иранда өндүрүлгөн учкучсуз учуучу аппараттар Орусияга Украинага каршы колдонуу үчүн берилип жатат, мындай аракет АКШнын улуттук коопсуздугунун жана тышкы саясатынын кызыкчылыктарына каршы келет.

Былтыр ноябрь айында Иран Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөтүп жатканын ачык моюнуна алган, бирок андай техниканын чектелүү гана партиясы согуш башталганга чейин жөнөтүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG