Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Хакерлер Эрмитаждагы музейде Бучадагы калабаны көрсөтүштү


Буча бошотулгандан кийинки көрүнүш.
Буча бошотулгандан кийинки көрүнүш.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Эрмитаж музейинде хакерлер Украинанын Буча шаарындагы үрөй учурган окуялар тууралуу маалымат таратышты.

Орус аскерлери калааны басып алган учурдагы калаба жөнүндөгү билдирүүлөр 29-январда музейдеги мониторлорго чыкканын "Фонтанка" басылмасы жазды.

Басылма Эрмитаждын коопсуздук кызматкерлери экрандарды өчүргөнгө мажбур болгонун, бул хакердик чабуул алыстан жасалганы болжолдонуп жатканын билдирди. Окуянын чоо-жайын Тергөө комитети иликтеп жатат.

25-январда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусу Орусиянын Белгород облусунда, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда орусиялык телеканалдардын эфирине чыгып кеткен. Орус бийлиги муну хакердик чабуул деп түшүндүргөн.

2022-жылдын февраль-март айларында орус күчтөрү басып алган Буча шаарында жүздөгөн жайкын тургун кыйнап өлтүрүлгөнү тууралуу эл аралык уюмдардын, украин бийлигинин жана журналисттерди фактылары бар. Бирок Москва аны четке кагып, шаар тургундарыен украин аскерлери өлтүргөн деп күнөөнү оодарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG